Абдишүкүр ажы менен Чубак ажы дүйнөлүк аалымдар лигасынын мүчөсү болду

Аалымдар Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүүчү бүткүл дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасынын жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетишти.

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүткүл дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасына мүчө болушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

 

Аталган чечимди бүткүл дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасынын мүчөлөрү кабыл алышкан.

«Учурда аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүүчү жыйынга катышуу үчүн жөнөп кетишти», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Абдишүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалилов Новосибирск шаарындагы мигранттар менен жолугуп келген.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу