Абдил Сегизбаев камалса АША гана эмес, короосундагы ити да үрүп чыкпайбы?

“Ата Мекен” партиясынын депутаттарын негизсиз каралап, аларга кылмыш ишин козготуу үчүн жасалма документ даярдап, аны Белиз өлкөсүнөн келди деген шылтоо менен бүтүндөй элди алдаган Абдил Сегизбаевдин бир буту түрмөдө турат. Көпчүлүк юристтер Сегизбаевди камакка алууга толук негиз жаралганын, аны тез арада кармаш керектигин айтууда. Айрым маалыматтарга караганда Сегизбаев кыска аралыкта темир тор артына тыгылышы мүмкүн. Укук коргоо органдары да бул багытта атайын документтерди даярдап жатканына кулагыбыз чалды. Чынында Сегизбаев “Белизгейт” боюнча өтө оор кылмыш жасап, бүтүндөй Кыргызстандын күч кызматтарынын атына көлөкө түшүрдү. Бул иште өзүнүн компитентсиздигин, анткорлугун, эки жүздүүлүгүн далилдеди.

Кыскасы каратып туруп калп айтып, адамдарды ак жеринен негизсиз каралоону адат кылган, убагында Кудайды да тааныбай, көзүн май баскан “Белизбаевдин” абалы чатак. Эми ал камакка алынса АША да колдоп чыкпайт. Буга чейин КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева Сегизбаевдин ишин партияга тиешеси жок экенин айтып, “эмне болсо ошол болсун” дегендей билдирүү тараткан. Атамбаев деле өзү кыйын абалда турганда мындай “кумалакты” коргоп чыга албайт. Ал “мен убагында тастыкталбаса жооп бересиң дегем, эми жооп берсин” деп кутулат. Анткени, жазында Сегизбаев АШАны сатып кеткенин билебиз. Жакында “Азаттыкка” берген маегинде да муну кыйыр түрдө тастыктаптыр. Бийлик болсо мындай адам менен кызматташуудан жаа бою качат. Эми коомчулук Сегизбаевдин камакка алынышын гана күтүп жатат. Укук коргоо органдары чамдагыла!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу