Абдил Сегизбаев: Жээнбеков менен келечекти талкуулаганбыз

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен маектештик. «Белизгейт» чыры, саясий куугунтук, ЖЭБ, эки президент менен мамилеси, кайда жүргөнү тууралуу сурадык.

— 14-сентябрда парламентте маалымат берип жатып Коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири «2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө “Мегакомго” таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды» деди. Сиз 2016-жылы декабрда президентке көрсөткөн кагаздар кайда? Эмне үчүн катталган эмес?

— Бул документтер учурунда ыкчам жол менен колубузга түшкөн. Ошол учурда «Мегаком» боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону бизге белгилүү болуп калган. Андан кийин бул документтер ошол коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган бир элемент катары кабыл алынган. Ал жөнүндө президентке кирип, ыкчам маалыматтар бизге түштү, ушунун негизинде текшерүү өткөрөлү деп сунуш кылганбыз.

— Ошол сиз көрсөткөн документтердин өзү жок болуп жатпайбы?

— УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Ошол кат УКМКда бар.

— Президентке көрсөтүлгөн кагаздар жасалма деп ошол эле күнү күдүк сөздөр айтылганда сиз «мунун аныктыгын кайра Белиздин расмий органдарына байланышып далилдейбиз» дедиңиз эле. Азыр ошонун жыйынтыгы чыкпай калды. Сизге берилген оперативдик делген документтер ошондо такталбай калып жатпайбы?

— Тактаганга бир нече аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп алалган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык…

— Сиз президентке көрсөткөн кагаздар боюнча ырастама келбептир да анда?

— Биз түздөн-түз жооп алалган жокпуз Белизден.

— Сиз учурда эмне менен алексиз? Абдил Сегизбаев качып кетти деп маалымат чыгып жүрөт. Кыргызстандын аймагында элесизби?

— Мен Кыргызстандан эч жакка кеткен жокмун. Эч жакка кетпейм. Эч нерседен качпайм. Мен кача турган адам эмесмин. Мен элдин алдында тазамын. Эмнеге качышым керек? Азыр эс алып жатам. Эгерде мыйзамсыз иш кыла турган болсок анда күнөөнү сезет элек. Биз ишибизди жакшынакай аткарып бердик. Колдон келишинче коррупция менен күрөшкөнгө аракет кылдык.

— Коррупция менен күрөштүк деп айтып жатасыз. Бирок ошол эле учурда ЖЭБдеги он миллиондогон долларлык коррупциялар, Тарых музейиндеги жана башка коррупциялык былыктар боюнча азыр чуулгандуу камоолор болуп жатат. Мындай масштабдагы, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирчү иштерди убагында эмнеге токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес?

— Убагында токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болгон. Андай аракеттер болгон. Комиссия иликтеп аткан документтерде УКМКдан барган кагаздар да бар. Комиссия жыйынтыгын чыгарганда аны айтат болушу керек. Коопсуздук кеңеши менен антикоррупция программасын түзүп жатканда 2016-17-жылдары бул маселе боюнча иш жүргөн. Коркунуч бар деген кагаздар болгон.

— Бирок андан кийин бир жыл, бир жарым жыл өттү. Эмне үчүн ошондой коркунуч бар деп убагында айтылган эмес? Жаап-жашырып коюуга кызыкчылыгыңар болгонбу?

— Тарых музейи боюнча айта албайм. Себеби биз иштеп атканда ал боюнча кагаздар жок болчу. Бирок ЖЭБ боюнча Коопсуздук кеңеши менен иштегенбиз. Темир Жумакадыров менен тыгыз байланышта иштегенбиз.

— Кооптонуулар бар деп президентке билдиргенсиздерби?

— Коопсуздук кеңешине материал жөнөткөнбүз.

— Бул жерде мындай суроо туулуп атат. Сиздер Белизден келген документтерди аныктыгын биле электе эле президентке көрсөтүп, анан коомчулукка тарап кетип жатат. Ошол эле учурда коррупция жыттанган ЖЭБдеги маселелер эмне үчүн убагында президентке көрсөтүлгөн эмес, убагында Белиздики сыяктуу коомчулукка чыгарылган эмес? Кош стандарт барбы?

— Коопсуздук кеңеши деген структураны түшүнөсүңөр да, эмне деген кызмат экенин…

 Жок, ал жагын түшүнөбүз. Бирок берки маселе боюнча айтып атам да, эмне үчүн эки башка мамиле болуп атат?

—  Эми, Али, мындай болуп жатпайбы. Биз Коопсуздук кеңешине такталган материалды расмий түрдө жөнөтүп атабыз да.

— Бирок ошол эле силер билген ЖЭБ маселеси бир-эки жыл мурда коомчулукка чыккан эмес да, ушундай коркунуч бар деп. Текебаевдерге байланыштуу маселе такталгыча эле тарап кеткен. Же бул саясий куугунтук экени ыраспы?

— Бул эки нерсени эки бөлөк караш керек. Биринчиден, коррупция менен күрөш системалуу түрдө жүрөт. Маалымат түшкөн сайын кагазга түшүрүлүп, тиешелүү структураларга жөнөтүлөт. Мисалы, системалуу эмес маалыматтар, жеке бир аткаминердин коррупцияга аралашканы, күтүлбөгөн жерден чыккан маалыматты биз оозеки президентке докладды беребиз. Ошонун негизинде тапшырма алынат.

— Макул, ЖЭБ боюнча ошондо кооптуу деп маалымат алынганда, азыр ЖЭБ боюнча камакта отурган Сапар Исаковго байланыштуу кандайдыр иликтөө жүргөнбү? Күмөн ойлор болгонбу?

— Ал кезде фамилиялары жок болчу.

— Азыр деле фамилиялар кокустан белгилүү болуп калган жок да. Ошондогу маселе, иштерге таянып камап атышапайбы. Мисалы, Исаков премьер-министрликке көрсөтүлгөндө ушундай күмөн бар деп маалымат бергенсиздерби?

— Мен дагы бир жолу кайталап кетейин, ошол учурда биз коркунучтар бар, мындай болуп кетиши мүмкүн деген маалыматты бергенбиз.

— Абдил мырза, сиз башкарган учурда Улуттук коопсуздук кызматы жазалоочу органга, саясий оппоненттерди аёосуз куугунтуктаган органга айланды деп абдан катуу сын айтылган. Кызматтан кеткениңизге бир топ убакыт болду. Азыр таразалап, өзүңүздүн ишиңизге кандай баа бересиз?

— Ачык эле айтайын, 2014-жылы жыл сайын миң, бир жарым миң ар кандай ызы-чуу, митингдер болуп тургун учур эле. Стабилдүүлүктү орнотуш үчүн коопсуздук органдары өз чараларын көрүшү керек болчу. Мен андайга макул эмесмин. Себеби, биз өз ишибизди аткарып аттык. Ошонун натыйжасында коопсуздукту, туруктуулукту сактап калдык. Эгер андай болбой турган болсо, анда башаламандыкка жол бермекпиз.

—  Саясий оппоненттерге карата куугунтук күч болду деген айыптоолорду катардагы укук коргоочулар эле эмес, эл аралык укук коргоо уюмдары да айтып келишти…

— Мисалы?

— Мисалы, Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго байланыштуу… Алар качып кетпей Кыргызстанга келген учурда кармалышты. Анда да кандай кармалганын өзүңүз билесиз. Мына ушул жана башка маселелер. Алардын тергөө ишиндеги далилдердин жетишсиздиги боюнча абдан көп кинелер тагылган. Балким кээ бир жерде саясий жүйө менен иш алып барып калдым деп өкүнөсүзбү?

— Мен ойлойм, биз ишибизди так, туура алып бардык. Эгерде муну кылбаганда азыр кырдаал башкача болмок. Ишибизди мыйзам чегинде, абийирибиз менен алып бардык. Мен эч нерсеге өзүмдү күнөөлөбөйм. Иштешкен балдарга ыраазычылык билдирет элем. Ушул жүктү көтөргөн, өз ишин так аткарган Коопсуздук комитетинин адамдарына рахматымды айтат элем. Муну кылбаса, азыр кырдаал башкача болмок.

— Сиз өзүңүзгө оң баа берип жатасыз. Ошол эле учурда сиздин айрым командалаштарыңыз, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, энергетика тармагындагы мурдагы жетекчилер ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу абакта. Алар боюнча пикириңиз кандай?

— Эгер күнөөсү болсо мыйзам чегинде жазасын алышат. Эгер күнөөсү жок болсо акталышат. Бул жерде мыйзамдын негизинде иш алып барыш керек. Мен эч кандай баа бере албайм.

— Экс-президент менен жолугуп жатасызбы? Акыркы ирет качан учураштыңыз?

— Ал киши менен көрүшүп турам. Сооронбай Шарипович менен да көрүшүп турам. Алмаз Шаршенович менен бир гана адамгерчилик мамилебиз бар. Ошол адамгерчилик мамиледе сүйлөшөбүз көбүнчө. Жумуш боюнча эмес. Себеби мен азыр саясатта эмесмин. Негизинен ошол.

— Президент Жээнбеков менен жолугуп атам деп атасыз. Мунун мазмунун да эл билиши керек го.

— Ал киши менен отставкага кеткенден кийин жолуккам. Ал кишиге рахмат. Келечек боюнча сунуштар болду. Бирок азырынча рахматымды айтып, ал кишиге ийгилик каалап, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болоюн деген сөздөр болгон.

— Сизге кызмат сунуштадыбы?

— Биз келечек боюнча сүйлөшкөнбүз. Себеби ал кишини дагы түшүнүп атам. Ал кишиге дагы колдоо керек. Анын да пландары бар. Келечек боюнча сөз болгон.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу