Абдил Сегизбаевдин кызматттан кетишин талап кылып митингге чыгышты

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин алында митинг болуп жатат. Митингге чыккандар Бишкектеги №47 абакта “кургак ачкачылык” кармап отурган үч саясатчы – Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары.
Алардын талабы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Ачкачылык кармап
отургандар парламентке кайрылуу жолдошкон. Эгер Жогорку Кеңеш бул кайрылууну карабаса, булар
уколдон да баш тартабыз деп жатышканын билдиришти. Митингге чыккандардын айтымында,
“Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун камалышынын артында Абдил Сегизбаев турганын билебиз, мейли бул башка маселе. Бирок “Белизгейт” боюнча жоопко тартылыш керек эле. Абдил Сегизбаев жоопко тарткандын
ордуна, генерал наамын берип Атамбаев өзү кетип калды” деп айтышууда.

Эскерте кетсек, убагында Алмазбек Атамбаев ““Белизгейт” боюнча далил жок болсо Абдил
Сегизбаев жооп берет” деген эле.
Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу