Абдил Сегизбаевге эки оор берене менен кылмыш иши козголобу?

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге берген “Белизгейт” боюнча документ Конторада катталган эмес. Мындай маалыматты УКМКнын башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нурлан Акмурзаев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Комитетте текшерүү жүргүзүшкөн. Аталган иште УКМКнын кызматкерлери Мусаханов менен Кенжешевдер катышып, документтерди беришкени маалымдалган. Бирок, алар Белиз мамлекетине барышкан эмес. “Комиссия ал документтердин бар экенин аныктаган жок. УКМКда алар катталган эмес”, — деп билдирди Акмурзаев.

ТИМ Белизге суроо-кат жөнөткөн. Ал жактан “өз колуна тийсин” деген белги менен жооп келген. Жооп Башкы прокурорго арналган болчу.

Эске салсак, 2016-жылдын күзүндө УКМКнын ошол кездеги жетекиси Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге 2012-жылдын 4-апрелиндеги документти көрсөткөн. Анда “Ата-Мекендин” 3 депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын Кыргызстандагы “Альфа Телеком” ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) 50% акциясына ээлик кылган “Саутфилд” (Белиз) аттуу офшордук компанияда 22% үлүшү бар экендиги жазылган эле. Документтер боюнча, эгерде 2015-жылдын 1-январына чейин “Саутфилд” компаниясы “Альфа Телеком” ЖАКнын акцияларын 50 млн доллардан ашык акчага сата алса, анда жогоруда аталган депутаттар компаниянын акцияларынын сүйлөшүлгөн пакетине автоматтык түрдө ээ болушмак.

Алмазбек Атамбаев Башкы прокурорго аталган документтерди текшерүүнү тапшырган. Атамбаев эгер Сегизбаев өз версиясын далилдей албаса, анда ал жоопкерчиликке тартылаарын эскерткен. Кийин “Ата-Мекен” өз депутаттарынын “Белизгейтке” тиешеси бардыгын төгүндөгөн расмий документтерди таап көрсөтүшкөн. Ага карабай, Абдил Сегизбаев ушул жылдын апрелине чейин өз кызматын улантып келген. “Белизгейтте” экс-Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын да салымы чоң болгону айтылып келет.

“Ата-Мекен” фракциясынын бүгүнкү отурумунда бул маселе каралып, анда фракция Абдил Сегизбаевди жалган документ жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды. Фрация лидери Алмамбет Шыкмаматов жалган документ жасаганы жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн Сегизбаевге карата чара көрүүгө чакырды. “Бул мыйзам бузуу. Силер диплом сатып алганы үчүн түрмөгө камайсыңар. Ошондуктан, чара көргүлө”, — деди Шыкмаматов.

Кылмыш кодексинин 304-беренеине ылайык, “кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн” үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошол эле кодекстин 350-беренесине ылайык “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдаланганы” үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде Абдил Сегизбаевге чындыгында эле ушул эки оор берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө тарабынан кылмышы далилденип, сот өкүм чыгарчу болсо, анда ал эки берененин негизинде 16 жылдан 24 жылга чейин абакка кесилет.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу