Абактагы Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда парламентте депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, Сатыбалдиев эки күн бою текшерүүдөн өтүп, 18-сентябрда ооруканага которулду.

— Бизде кайтаруучулардын саны көп эмес. Бардыгына мүмкүнчүлук болбойт, алар эки кишиден эки нөөмөт менен турат. Ошондуктан бардыгын ооруканага бир убакта жаткыра албайт экенбиз. Бирок абактагыларга Акыйкатчы институтунан, Кыйноолорду алдын алуу борборунан келип, акыбалын сурап турат. Мен да ден соолугун сурап кирип турам, депутаттар келет. Ооругандарга өз убагында медициналык жардам бергенге аракет кылабыз.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов атайын кызмат өздөрүнүн дарыгерлеринин бүтүмүнүн негизинде “Сатыбалдиевдин ооруканага жатышына кажет жок” деген чечим чыгарганын 12-сентябрда “Азаттыкка” билдирген болчу.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор буга чейин кардиологдун «Сатыбалдиев жүрөк оорусуна байланыштуу дарыланууга тийиш» деген сунуштама бергенин билдирген.

ЖЭБдеги авария жана модернизациялоодогу коррупция боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, быйыл марттан бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу