Аалы Туткучев Бабановдун сый тамагына эмнеге барбай койду?

8-август күнү Бишкекте жайгашкан Ала-Тоо ресторанында президенттикке талапкер, олигарх Бабанов кайрадан сый тамак берди. Жаз аяктап калгандан маалдан ар бир аптада 2-3 күн сайын, Бабанов жана анын тегереги Ала-Тоо ресторанында 2-3 күндүн биринде бирден жылкы союп, элди чай-пайга жана кесмеге тойгузушту. Таласты район-районго бөлүп, ал аймактын тың чыкмаларын өзүнчө, аксакалдарын өзүнчө, көксакалдарын дагы өзүнчө апта сайын чакырып жатышат. Бир күнү жалаң таластык артист-ырчыларды чакырышса, бир күнү таластык чиновниктерди чакырышат, бир күнү Саруу болсо, бир күнү Кытайлар келет, кыскасы Таласта төө буурчакты отогондон башкасы баары келип бүтүштү.

Ошондой эле бүгүн дагы 200 киши чакырылыптыр, бүгүнкү сый таммака келгендер жалаң «спортчу» чалыштар экен, кулак-мурундары сынган ызы чууларда аралашып жүргөн жоон билектүү жигиттерди дагы кокустуктар болуп кетсе камдап туралы десе керек Бабанов. Кызыгы, мындан бир айча мурун Таластын мен-мен деген ырчылары Ала-Тоодо бекер эт чайнап жаткан банкетке төкмө акын Аалы Туткучев барбай коюптур, ал тескери бурулуп кымыз ичкени башка жака басып кетиптир. Сыягы жаны таза, дили таза Алыке, байлык менен бийлик үчүн баарына даяр кишинин бекер тамагын жегиси келбесе керек.  Булак:Тикенек.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу