Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Литванын командасын эки жолдоштук беттеште жалпы 9:3 эсебинде жеңип алды. Биринчи таймаш 2-февралда болуп, анда 6:2 менен кыргызстандык спортчулар жеңишке жеткен. 3-февралда экинчи жолу беттешип, оюн 3:1 болуп жыйынтыкталды.
Литванын Пренай шаарындагы бул оюндар 2020-жылкы Азия биринчилигинин тандап алуу баскычына карата даярдык катары өттү.
Футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов эки оюн кыргыз спортчулары үчүн пайдалуу болгонун жана кураманын чабуулдардагы кемчиликтерин жоюу багытында иштеш керек экенин айтты.