Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын Эксимбанкынан грант түрүндө алууну көздөп жатат. Аталган министрликтин өкүлү парламент комитетинде билдиргенине караганда, тиешелүү сунуш Финансы министрлигине жөнөтүлдү.
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан буга чейин 1 миллиард доллардан ашуун каражат алган.
26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети автоунаа жолдорунун абалы жана жолдорду куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча маселени карап жатат.
Булак: Азаттык