Мурдагы калаа башчысы бир нече беренелер боюнча айыпталып жатат.
Биринчи Май Райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганча деп үстүбүздөгү жылдын 29-августуна чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун камалышы боюнча үн катты
Ибраимов буга чейин шаардык кеңештин депутаттары ага ишеним көрсөтпөгөндүктөн ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эскертке кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы калаа башчыны бүгүн, 19-июлда кармады. Атайын кызматтын билдиришинче, Ибраимов тергөөчүгө курал колдоно турганын айтып коркуткан.
Булак:Спутник