— Адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 2017-жылы президенттик шайлоо алдындагы КСДП жана анын президенттикке талапкери С. Жээнбековдун шайлоо штабы жүргүздү делген каражаттардын документин жарыялады. Эми экс-президенттин жактоочулары импичмент деген сөздү оозана баштады. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
— Импичмент — бул оор маселе. Президенттин иш-аракеттеринин негизинде гана импичмент жарыяланышы керек. Талапкер болгондогу иш-аракеттери боюнча импичмент кантип жарыяланат?
— Негизи каржылык иштерге ким жооптуу болушу керек?
— Мен буга түшүнбөй турам. Сооронбай Жээнбеков талапкер болгон. Ал каржылык иштерге аралашкан эмес. Каржылык тараптын баарын форумдагы шайлоо штабын ким жетектесе ошол жүргүзгөн. Президент болгондон кийин иш-аракеттерин Башкы прокуратура негиздеп, тегиздеп алып, депутаттарга берсе, эл өкүлдөрү карап көрүп, пикирлерин билдирет. Бул иш боюнча импичмент жарыялоо бышпаган нерсе.
Булак: Super.kg