Коомдук ишмер Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийлик тууралуу айткандарын сындады. Ал «Азаттык» радиосуна мындай пикирин билдирди:
— Бул кишинин Бакиевдер деп айтып жатканынан — кыргызды экиге бөлүп, бири-бирибизге тукуруп, түндүк-түштүк корунучун кыларын көрүшүбүз керек. Атамбаевдин жалгыз ою биримдигибизге залака келтирүүдө деп түшүнсөк болот.
Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель ТВ» каналына маек куруп, азыркы бийликти Бакиевдин жолуна түштү деп айыптады. Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек. Булак: Азаттык