Абысыным кийимдеримди Лалафого сатып жүрүптүр

Абысыным кийимдеримди Лалафого сатып жүрүптүр

21-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканыма эки жарым жыл болду. Бир үйдө эки абысын чогуу турабыз. Абысынымдын катарлаш төрт баласы бар. Балдар менен үйдө отурат. Үйдө отургандын абалын жакшы түшүнөм. Балдарына кийим кече алып берип калчумун. Төрт ай мурун кыздуу болуп үйдө отуруп калып абысынымдын анык жүзүн көрүп жатам. Өткөндө жууп жайып койгон жемпиримди таппай калгам. Эки күн мурун кийип алып конокко кетти. Өзүнө айта албай улуу абысыныма арыздансам колу туткак алган кийимди лалафого салып алмаштырып киет дейт. Көрсө менин сыртка жайып таппай калган кийимдеримди лалафого салыпмьирөөлөргө сатып же алмаштырып кийип жүрүптүр. Эми кантип айтам?