Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 10-класстын окуучусу Жыргал Бозгунчиевдин сунушу менен мектептеги зордук-зомбулук, рекетчилик боюнча тасма тартылып, жер-жерлерде көрсөтүлүүдө.
Бул тууралуу акимдин орун басары Нурия Төлөнгүтова 14-декабрда Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу иши талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, тасма 45 мүнөттүк. Анда окуучу мектептеги зобун-зомбулуктарды баяндап берип, ролду балдар өздөрү ойногон.
Тасманы көргөн ата-энелер катуу таасирленип жатканын айтышууда. Фильм өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти, зомбулукту токтотууну көздөйт.