Сасык тумоодон улам өлкөдөгү 60 мектепте карантин уланууда

Мектептер сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттеринин сунушу менен жабылган.

Кыргызстан боюнча учурда 60 мектепте карантин уланып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мектептер сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттеринин сунушу менен жабылган.

«Жалпысынан 60 мектеп сасык тумоодон улам жабык турат. Облустар боюнча алып караганда Таласта — 29, Ошто — 1, Ысык-Көлдө — 10, Чүйдө — 18 жана Нарын менен Ысык-Көл облустарында бирден мектеп жабык», — деди Чыкынова.

Ал ошондой эле карантинге өлкө аймагы боюнча 19 бала бакча жабылганын кошумчалады.

Талас облусунда 17 бала бакча (Талас районунда — 9, Талас шаарында — 8), Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир жана Чүйдүн Панфилов районунда бир бала бакча иштебей турат.

Калган аймактардагы бала бакчалар кадимки тартипте иш алып барууда.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдагандай борбор калаадагы бардык мектептер иштеп жатат. Эске салсак, буга чейин Кыргызстан боюнча 141 мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылган эле.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу