Бишкекте окуучулардын тамактануусун жакшыртуу талкууланды

Кыргызстандын 266 мектеби тамактануунун натыйжалуу ыкмаларына өттү.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова БУУнун программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кейко Изуши менен окуучулардын тамактануу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдеги директорунун орун басары Кейко Изуши менен окуучулардын тамактануусун жакшыртуу, социалдык коргоо, коомчулуктун социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча улуттук тутумду өнүктүрүү долбоору талкууга алынган.

«Бүгүнкү күндө БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстандын 266 мектеби тамактануунун натыйжалуу ыкмаларына өттү», — деп айтылат маалыматта.

Султанбекова Кыргыз өкмөтүнүн атынан БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазылык билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу