«Билим фестивалы» эл аралык сыйлык алды

«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду Кыргызстанда жыл сайын уюштуруп келген «Билим фестивалы» Global Event Awards-2016 эл аралык сыйлыгына татыды. Аталган фонддон билдиришкендей, сыйлык берүү аземби 4-декабрда Москвада өттү.

Global Event Awards – Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Литва, Азербайжан, Армения, Эстониядагы мыкты иш-чараларга.берилет. Быйыл КМШ жана Балтика боюндагы 11 өлкө 80ден ашык иш-чаралар сунушталган. Анын ичинде Кыргызстандагы «Билим фестивалы» «Эң мыкты балдар иш-чарасы» деген сыйлык алып, 3-орунду ээледи.

Октябрда Алматыда өткөн EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сынагында аталган фестиваль «Борбор Азиядагы мыкты билим саамалыгы» деген номинация боюнча 1-орун алган эле.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу