“Кой аксагы менен миң” , парламент Момбеков менен жүз жыйырма…

Кыргызда алды артын карабай шилекейин чачыратып сүйлөй берген адамды “омбу-домбу” дешет. Анысы сыңарындай азыркынын “супер омбу-домбусу” депутат Рыскели Момбеков болду. Жамакчылыкка ыктап уйкаштыра сүйлөө менен алек болуп жатып, кээде сөзүнүн баш аягы жок болсо, кээде “тузу кем” болуп калат. Анысына деле мейли дейин десең, айрым учурларда калпты-чынды койгулаштырып жибермей да “өнөрү бар” экен.

Мисалы: “ Таласта төөбуурчак 25 чом болуп калды” – деп дүрбөлөң салды эле, Таластыктар төөбуурчак сортуна жараша 30 сомдон 48 сомго чейин сатылып жатканын айтып чыгышты. Бирок, жалган маалымат таратканы үчүн Рыскелди Момбековдун “ бети кызарган” жок. “Кой аксагы менен миң” демекчи парламент да Рыскелдиси менен 120 болуп отурат да. Ошол эле мезгилде, түздөн – түз милдети болгон мыйзам чыгаруу жаатында Рыскелди мырза бир жолу “үн катканын” көргөн билген жан жок. Албетте дипломдук иш жазып кыйратпаган адам, мыйзам долбоорун жазып жыргатмак беле? Аман эле болсун…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу