2010-жылы Алтынбек Намазалиев банк кутучаларын тоноду беле?

Өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Эл астында аты-жыты белгисиз бул жигиттин өткөн чагына кызыгып көрсөк, шектүү суроолор жаралды. Бул кандай, чүйлүктөрдү шылдың кылуу эмеспи?

Эмесе, собол таштайлы 2010-жылы банк кутучаларынан акча уурдагандардын арасында Алтынбек Намазалиев да болгонбу? Андагы башкы прокурор Кубатбек Байболов бул жигитти кылмышка шектүү катарында кызматынан айдап ийгенби? Кийин 2016-жылы Намазалиев Кара-Балта прокуратурасында иштеп жатып, иштеги кемчиликтери үчүн жогорку жетекчилик тарабынан айыпталып, кызматынан кол жууганын билесиңерби? 2018-жылы акчанын күчү менен Аламүдүн районуна аким болду беле? Дал ушул суроолорду атайын кызматтар иликтеп, айыбы болсо кызматка эмес, жоопкерчиликке тартпайбы?..

Биринчиден, жаңы губернатор жооп берсе, гезит бетинен орун берилет. Экинчиден, 1 миллиондон ашык калкы бар Чүй облусуна элдин астында жүзү жарык, кадыр-барктуу кадр дайындалса болмок да! Өкмөт башчы Абылгазиев баарын эле өзүнө окшотуп, кайдан-жайдан шектүү адамдарды жогору карай сүйрөй берсе, аягы кандай болот? Эл ичинде ушу тапта нааразычылык жаралууда. Негизи оомат кеткенде канчалык аракет кылса да окшошпой, ар бир кадамынан жаңылып, кут качып, коомчулукка жек көрүнө баштаганы ушул белем?..

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу