200 миң доллар менен кармалган прокурор Болот Сүйүнбаевдин …

Кечээ, 16-апрелде КР УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан $200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган КР Генпрокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев бүгүн дайындалган Финполдун жаңы начальниги Болот Сүйүмбаевдин бир тууган агасынын кара чечекей кызынын күйөөсү экен. Улан Чалбаевдин жубайы Болот Сүйүнбаевдин карындашы жана фамилиясын да никеге турганда өзгөртпөй Сүйүнбаева деп сактап калган дешет.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Улан Чалбаевге каршы кылмыш ишин козгоп, аны кармоо операциясын баштаганына эки жумадай болгон экен.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Болот Сүйүмбаев да мамлекеттик кызматка келип, анын артынан бир тууган агасынын жубайы Пайиза Сүйүмбаева КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс- катчысы болуп дайындалган. Бул тууралу кыргыз ММКлары Болот Сүйүмбаев бир тууган жеңесин кызматынан көтөрмөлөп жатат деп ызы-чуу кылып жазышкан. 2016-жылы октябрда Паиза Сүйүмбаева Кыргызстандын квотасы менен штаб-квартирасы Москвада жайгашкан Евразиялык экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин начальниги болуп дайындалган. Улан Чалбаев мына ушул бир тууган агасы менен жеңеси Пайиза Сүйүмбаеванын бир тууган күйөө баласы болуп чыкты. Улан Чалбаевдин Генпрокуратурадагы акыркы жылдардагы кызматтык өсүшүнө да ал кездеги УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин мээнети бар дешет.

Булак: Кыргызтудей

Аргумент.kg
Жооп калтыруу