Өмүрдү узарткан беш азык…

Корица

Корица бир гана сонун даам бербестен, ал өмүрдү узартууга дагы жардам берет. Өзгөчө рак, жүрөк кан-тамыр ооруларын ар кандай инфекциядан коргоо жөндөмүнө ээ.

Шоколад

Ар бир эле тамак-ашты ашыкча колдонуу зыян болгондой, шоколадды дагы өлчөмүнөн ашыкча колдонуу ден соолугубузга зыян. А бирок, шоколадды өлчөмү менен пайдалануу-холестеринди түшүрүп, мээнин иштөө функциясын жакшыртып жана стрессти азайтууга жардам берет.

Сарымсак

Адистердин айтымында, альцгеймер оорусуна чалдыккандарды сарымсак менен дарылоо мүмкүн экендигин айтышат.

Табигый бал

Медицинада беш миң жыл бою колдонулуп келген табигый бал. Антисептик, антиоксидант жана бактерияларды коргоочу мыкты каражат.

Оливка майы

Мээнин иштөөсүн жакшырткан жана ден соолугубузда чыңдоого жардам берген-оливка майы дагы мыкты азыктын катарын толуктайт. Өзгөчө ал диабет жана рак оорулардын алдын алат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу