Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Мамлекеттин аталышын жана символдорун ар кимдин каалоосу, сунушу менен өзгөртүп кое турган нерсе эмес”

Өмүрбек Чиркешович, Казакстандын депутаты “Казакстандын желегин өзгөртүү керек, желектеги күндүн ордуна айды коюш керек” деп, кыргыз туугандарга дагы “желегиңердеги күндү айга алмаштырсаңар туура болот эле” деген кеңешин айтып жатат. Мындан бир нече жыл мурун дагы кээ бир кыргыз саясатчылары “Кыргызстандын желегин алмаштыралы, кыргыз желегинин түсү көк болуш керек, анткени, “Манаста” “көк асаба” деген сөз бар” деп аргумент келтиришкен. Сиздин оюңуз кандай?

— Мамлекеттик туу – бул мамлекеттин символу. Ал жасалма түрдө кокусунан пайда болбойт. Кыргыз мамлекети 1990-жылдары түзүлүп жатканда, Кыргызстандын тарыхын эске алып, алдыга ниет-максаттарды коюп, анан ушул туу кабыл алынган. Демек, бул малекеттик символ болгон соң, аны жөн эле, тигил же бул саясатчынын каалоосу, сунушу менен өзгөртүп кое турган нерсе эмес. 90-жылдары дагы “Кыргызстандын желеги көк болуш керек, анткени “Манаста” “көк асаба” деген сөз бар” деген жазуучулар, тарыхчылар болгон. Бирок, биздин улуу жазуучубуз Төлгөн Касымбеков тарыхый фактыларга негиздеп, “Манастын” туусу, кыргыздын туусу кызыл болгон, кыргызда кызыл – саясий бийликти түшүндүргөн түс болгон” деп далилдеген. Чын эле “Манаста” “Көк асаба – Кызыл туу”, «Ак асаба – Кызыл туу” деп айтылат. “Асаба” – араб сөзү. Ал “узун таяк” деген маанини билдирет. Мисалы, Түштүктө дубаналар таянып жүргөн таяк “аса таяк” делет. “Манаста” Манас да, башка аскер башчылары да асабаны — узун таякты, анын башына аттын куйругун илип, же башка түстүү желекти илип, согушта аскерлерди башкаруу учун пайдаланышкан. Аскерлер алыстан көрүп туруш үчүн таяк узун болгон. Орустар “стяг” деп коюшат. Стяг – учуна аттын куйругу же, башка предмет бекитилген, алыстан көрүнүп турган узун таяк түрүндөгү аскердик желек. Рим легиондорунун да ар биринин өзүлөрүнүн белгилери бар асабалары болгон. Асаба ар бир аскер отрядына тешелүү белги (знамя) – желек илинген узун таяк. Кызыл Туу жалпы колдун (армиянын) же мамлекеттин белгиси. имР

— Сиз желектин түсү жөнүндө айтып жатасыз. Казак туугандар Кыргыздарга түсүн эмес, “күндү айга алмаштыргыла, мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн желегинде айдын сүрөтү бар” деп айтып жатат…

— Кыргыздар бүгүн эле пайда болуп калган эл эмес. “Тарыхыбыз 2 миң жылдан ашык” деп жүрөбүз. Мен жана айткандай, туу – бул мамлекеттин символу, ал Кыргызстандын бүтүндөй тарыхын, жашоо образын, анын баалуулуктарын эске алат. Кыргызстандын азыркы желеги эң кооз гана эмес, эң көп маанини камтыган желектерден деп ойлойм. Ортосунда 40 жалыны бар от турат. Аны “Күн” деп да айтса болот. Күн көчмөн элдердин турмушун уюштурууда маанилүү роль ойногон түшүнүк болгон. Аска-таштардагы байыркы сүрөттөрдө күн нурун жамынган адамдын кейпи тартылган. “Шамбала”, “Күнбала” деген түшүнүктөр ошол замандан келе жатат. Эмнеге 40 жалыны бар? “Кыргызды 40 уруудан тараган эл” деп айтып, “ушул 40 символикалуу болсун” деп, кыргыз элинин биримдигин, анын жаралуу тарыхын билдирген символ катары 40 жалын тартылган. Ал жалын түндүк аркылуу көрүнүп турат. Боз үйдү асмандан, космостон караса, түндүктөн коломто көрүнөт. Коломто – үйдүн куту, жылуулук, боорукерлик, катаал табигый шарттардан, жамандыктардан коргогон калканч катары түшүнүк. Коломто – бул үй, үй-бүлө. Кыргыздар балдарын үйлөнтүп, өзүнчө бөлүп чыгарганда да “өзүнчө түтүн булатты” дейт. Коломто биринчи кезекте жаңы жашоонун башталышы, булагы. Бул – жашоо. Ал эми түндүк – бул да биригүүнун символу. Азыркы заманда үйлөрдү фундамент бириктирип кармап турса, а кыргыздын үйүндө түндүк ууктарды бириктирип кармап турган. Түндүгү жок үй кыйрап калат. “40 ууктуу боз үй” дегендей, түндүк биримдикти, ошол отту өчүрбөй сактап турган тиректи түшүндүрөт. Мындан артык жашоо философиясын чагылдырган символиканы биз табабызбы?

— “Аалам” партиясынын лидери Малиев жана бир топ саясатчылар “Кыргызстан” деген атты өзгөртүш керек, бизге келчү инвесторлор Күрдистан, Афганистан менен чаташтырып, коркуп, келбей жатышат” дешет. Ушундай эле ой менен казак депутаты да чыгып, “Казакстандын атын өзгөртүш керек” деп айтып жатат. Мурун Малиев айтканда, көпчүлүк күлдү эле. Эми казактар айта баштаганда, “Малиевдин сөзүндө бир жан барбы?” дегендей ойлор пайда болуп калды. Казак депутатынын демилгеси шыктандырган окшойт, Бек Борбиев «Кыргызстандын атын “Кыргыз Республикасы” дебестен, “Кыргыз каганаты” деп алмаштырсак” деп жарыялап жиберди…

— Кыргыз мамлекетинин расмий аты “Кыргыз Республикасы” деп аталат. Республика – бул “элдик бийлик” дегенди, ал эми каганат – “хандык” дегенди түшүндүрөт. Экөөнүн табияты, түзүлүшү эки башка. Биз “эмират”, “султанат”, “каганат”, “хандык” түзөбүз деп артка жылганыбыз туура эмес. Бүгүн дүйнөдө мамлекеттик түзүмдүн эки эле түрү бар. Бул – хандык (королевство) жана республика. Королевстволор деле иш жүзүндө, бир-экөөнү эске албаганда, республикага айланып калышкан. IX-X кылымда кыргыздар өздөрүнүн көчмөн империясын түзүшкөн. Император – “каган” деген титулга ээ болгон. Моңголчо бул «хандардын ханы» дегенди билдирет. “Шахиншах” дегендей эле. Бул биз сыймыктана турган улуу тарыхыбыз.
Эми “станга” келсек. “Стан” деген – бул индоевропалык, индоарийлик байыркы тилден келген сөз. “Стан” деген бирөө мекендеген жер, өлкө катары түшүндүрүлөт. Индия субконтиненттеринде, Борбордук Азияда «стан» өлкө дегенди билдирип колдонулган. Бирок, бул сөз латын тилинде, Европанын башка элдеринин тилдеринде да бар. Өзгөчө немец тилиндеги “стан” сөзү дүйнөгө тараган. Немецтерде “штат” деп аталып, ал “мамлекет” дегенди билдирет. Мына ушундан дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүнүн облустары “штат” деп аталып калган. Мисалы, Америка кошмо штаттары. Ал 50 мамлекеттен түзүлгөн федерация. Ошентип, «стан» Индиядан Орто Азия аркылуу Россия, Европа, Америкага чейин тараган сөз.
Анан чөнтөгүндө акчасы бар, билимдүү, акылдуу инвестор кантип эле Күрдистан менен Кыргызстанды, Афганистан менен Кыргызстанды чаташтырып калсын?! Инвестор деле интернеттен бараар жерин, бараар өлкөсүн карап, билип алат. Ал жерде тааныштары болот. Бараар өлкөсүнүн экономикасын, ал жерде кандай иш кылаарын билет. “Чаташтырып алат” деген аргумент эмес. Бул жаш балдарга айта турган жомок. Казактардын мамлекетинин расмий аты – Казакстан. Ал эми казак туугандар өз мамлекетин “Казак Республикасы” деп атайлы» деп жатышат. А биздин мамлекет “Кыргыз Республикасы” деп 90-жылы эле аталган. “Кыргызстан” деп айтса деле боло берет. “Кыргызстан” деген Кыргыз Республикасын түшүндүрөт”,- деп Конституцияда жазылган. Ошентип, “Кыргызстан” деген сөз – “Кыргыз Жери”, “Кыргыз өлкөсү” дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, биздин мамлекеттин “Кыргыз Республикасы” деп аталган атын өзгөртүүнүн эч зарылдыгы жок.

Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс

P.S: Маекти алууга жардам берген адвокат Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу