Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» партиясынын лидери: «Сооронбай Жээнбеков улуттук кызыкчылыктын сакчысы болуш керек»

— Жакында Өзбек Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жаткан мекендештер менен иштөө боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртуу тууралуу буйрукка кол коюп, Өзбекстандын Ички жана Тышкы иштер министрликтерине тиешелүү тапшырмаларды берди. “2019-жылдын 1-мартында чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алар менен иштөө боюнча мамлекеттик концепция бекитилет” деп жарыялашты. “Ата Мекен” партиясы да 2012-жылдан бери эле чет элде жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын мурунку жарандарын мамлекеттик колдоо боюнча мыйзам долбоорун киргизип жүргөнү баарыбызга белгилүү. Сиз Өзбек президенти Мирзиеевдин бул демилгеси боюнча эмне айта аласыз?

— Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов изоляционизм саясатын жүргүзгөн. Чет өлкөлөр менен, дүйнө менен болгон байланышты минимумга алып келген жабык өлкө түзгөн. Мирзиеев келгенден бери Өзбекстан ачылып, жаңы саясат жүргүзө баштады. Эгер, мигранттарды мурунку президент Каримов “жалкоолор”, “бекерчилер” деп жамандай турган болсо, Мирзиеев “өлкөдө экономикалык абал оор болуп, жумуш орундары болбогондуктан, алар чет элге кеткен” деп, чет элде жүргөн өзбек жарандарын колдоп, алар менен иштеп, бир бөлүгүн Өзбекстанга алып келүүчү мамлекеттин программасын түзүп жатат. Анын негизгиси: 5 миллионго жакын Өзбекстан жарандары сырт жактарда мигрант болуп иштеп жүрүшөт. Концепциянын алкагында “мекендеш паспорту” деген жаңы документ берилгени жатат. Башка мамлекеттин, өзгөчө Россиянын жарандыгын алган мигранттарга ошондой паспорт берилет. Ал паспорт сен башка өлкөнүн жараны болсоң да, Өзбекстанга кирип, чексиз узак мөөнөт жүргөнгө, ал жерде ишкердик кылганга, имарат, жер сатып алганга, Өзбек жарандары менен бирдей шарт түзүп бергенге кепилдик берет.
“Ата Мекен” партиясы да “чет элде иштеп жүргөн, чет элдин, өзгөчө Россия жарандыгын алган кыргызстандыктар кыргыз патриоттору , Кыргызстан менен түбөлүк байланышы бар мекендеш катары таанылып, мурунку кыргыз жарандары Кыргызстанда социалдык-экономикалык укуктарга Кыргыз жарандары менен бирдей ээ болот. Алар Кыргызстанга келип иштегенге, жер, завод-фабрика, үй сатып алганга, бизнес кылганга толук укуктуу” деген мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Тилекке каршы, мурунку Президент Атамбаев, анын Аппараты, алардын айдактоосу менен Өкмөт каршы чыгып, бул мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшкан. Азыркы БШК төрайымы Шайлдабекова анда Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү эле, ал Президенттин атынан сүйлөп, “бириндетип өткөрбөй, биз толук бир концепция жазабыз. Өмүрбек Чиркешович, бул законуңузду ошонун алкагына кошобуз” деген. Мен ошондо айткам, 4 жыл бат эле өтөт, Атамбаев да президенттиктен кетет. Силер эмдиги жылы эле эмес, 4 жыл ичинде да бул мыйзамды киргизбейсиңер” дегем. Мына, Атамбаев кетип, жаңы президент келгенине 1 жыл болду. Ал мыйзамды козгоп, “Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү” деген бүгүнкү күнгө чейин бир жан жок. Ал эми Өзбекстандын президенти биз 2012-жылы көтөргөн маселени бүгүн көтөрүп жатат.

— Эгер сиз айткан мыйзам долбоорлору өтүп калган болсо, Россияда жана башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарына кандай жеңилдиктер болмок, алар Кыргыз экономикасына кандай салым кошо алышмак?

— Мындан 15-20 жыл мурун көчө шыпыргыч, кароолчу, курулушчу болуп иштегени кеткен кыргыздардын алды бүгүн менчик ээлери, бизнесмендер болушту. Новосибирск шаарында эле 30дан ашык доллар кармаган миллионер кыргыз балдары бар экен. Алар ал жактан акча гана эмес, байланыш, бизнес өнөктөш табышты. Россиянын рыногун Сахалинден баштап, Калининградка чейин жакшы өздөштүрүштү. Ал жакта кандай товарлар өтөт, Россияга эмне керек, беш колдой билип калышты. Бизде мына ушундай чоң потенциял, мүмкүнчүлүк турат. Аларды биз тилекке каршы колдонбой келе жатабыз. Экс-президент Роза Исаковна жыл сайын мамлекеттин ишин аткарып, “Мекендештер” форумун өткөрөт. Бирок, мамлекет, мурунку президент Атамбаев ага жардам берген эмес. Бермек турсун, барып колдоп койгон жок. Мына быйыл ал форумга президент Сооронбай Жээнбековков барды. Мен ойлойм, бул өзгөрүүнүн белгиси. Бирок, президент, Өкмөт жөн эле катышып койбой, бул ишти Роза Исаковна менен кошо уюштуруп, Кыргызстан үчүн максималдуу пайда алганга аракет кылыш керек. Кантип? Ар бир райондон чыккан мигранттар бар. «Мекендештер» форумун инвестерлор форумуна айландырыш керек. Ошол райондордун акимдерин, министрлерди форумга чакырып, тизип коюп, чөнтөгүндө тыйыны бар, Россияда байланышы бар мигранттарга “завод-фабрика курам десеңер, райондон чыккан товарды, айыл чарба продукциясын иштетип, чет элге алып барып өткөрө аласыңар” деп, ал эми акимдерге “бир айдын ичинде жер бөлүп бересиң, эки-уч айдын ичинде заводдун курулушу башталсын, болбосо, кызматтан кетесиң, жөн эле кетпейсиң, керек болсо камаласың”,- деп айтып туруп, мигрант-инвесторду ошол жерден акимге жолуктуруп, колуна өткөрүп бериш керек. Мигранттарды “мына, силерге мамлекеттин эсебинен бекер жер, электр, суу. Бир чиновник же, “каралар”, “кызылдар” да келип силерге сөз айта албайт, мен жооп берем”,- деп аким кепилдик берип, аларды районго алып келиш керек. Алар өзүлөрүнүн эсебинен Россиядан өнөктөш таап келип, завод, цехтерди куруп, биздин товарларды кайра иштетип, анан Россияга алып барып сатат. Биздин мигранттар бүгүн инвестор болуп Кыргызстанга кайтып келиш керек. Түркия Европадагы түрктөрдүн эсебинен көтөрүлгөн. Кытай 80-жылдардан кийин бүткүл дүйнөдөн бай кытайларды чакырып, ошолордун эсебинен өскөн. Бизге инвестор болуп немец, англичан, француз же, япон келбейт. Алтыныбызды, башка байлыктарыбызды калпып кетиш үчүн гана тобокел капитал келиши мүмкүн. Бирок, алар Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Мисалы, «Кумтөр”.
Өзбекстан мына ушул биз мурунтан айтып жүргөн идеяны мамлекеттик концепциянын негизи кылып алды. Ал боюнча чет элде иштеген мигранттар келсе, “бош турган заводдорду, иштебей турган фабрикаларды берели, ошолор иштетсин, мамлкет жардам беребиз. Балдарыңарды бекер окутабыз, бекер дарылайбыз, ЖОЖдорго окутуп, кайра жөнөтөбүз”, — деп кепилдик берип отурат. Россиядагы Өзбек диаспорасынын баарын Өзбекстанга чакырган жери жок. “Ошол жакта иштей бергиле, Өзбекстандан чыккан товарды Россияга саткыла” деп, аларды канал катары, экономикалык инструмент катары пайдаланып жатат.

— Концепция боюнча, Өзбекстандан чыгып кетип, башка өлкөнүн жарандыгын алган мигранттарга гана эмес, коңшу өлкөлөрдө жашап жаткан өзбек, кара калпак улутундагы жарандарга да “мекендеш паспортун беребиз” деп жатышат. Бул региондогу коопсуздукту, тынчтыкты бузушу мүмкүнбү?

— Мен жана айткандай, 5 миллондон ашык Өзбек мигранттар Россия, Казакстан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдө жүрүшөт. Кыргызстанда да акыркы бир жылда чек ара ачылганда, Атамбаев эңсегендей Кыргызстандын товары Өзбекстанга өтпөй, тескерисинче, Өзбекстандын айыл чарба, өндүрүш товарлары Кыргызстанды каптап басып кетти. Ошондой эле Өзбекстандын арзан жумуш күчү дагы Бишкекке чейин келип, басып кетти. Курулуш жана башка кызмат көрсөтүү тармактарында Өзбек жарандары келип, Кыргызстандын жумушчуларынын жумушун колунан, нанын оозунан тартып алды. Биздин Өкмөт дагы акыркы бир жылда Кыргызстан канча экономикалык жоготууга учурагандыгын эсептеп көрүшү керек.
Албетте, Өзбекстандын Тышкы иштер министри “мекендештер” деген түшүнүккө коңшу өлкөлөрдө туулуп, ата-бабалары менен жашап жаткан, ошол өлкөнүн жараны болгон өзбек, кара калпак улутундагыларга да, жана алардын балдарына да “мекендештер” деп жарыялады. Алар мекендеш паспортун ала алышат. Алардын балдары Өзбекстанга барып жеңилдик менен окуганга, медициналык кызматтарды алганга укуктуу болот. А өздөрү Өзбекстанга барып, бизнес кылганга, визасыз кирип чыкканга толук мүмкүндүк алат. Бул бир чети жакшы. Өзбекстан менен коңшу өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын күчөтөт. Бирок, Өзбекстандын пайдасына. Эгер андай болбогондо, Өзбек өкмөтү бул концепцияны көтөрүп чыкпайт эле. Бул биринчиси. Ал эми экинчиси, саясий-коопсуздук маселелерин татаалдаштырып ырбатышы мүмкүн. Казакстандын 550 миңден ашык өзбек улутундагы жарандары бар. Алар негизенен Ташкентке жакын жерлерде жайланышкан. Казак калкынын 3 пайызын түзөт. Тажикстанда 930 миң өзбек улутундагы жарандар бар, калктын 12 пайызын, Түркмөнстанда 500 миңден ашык, калкынын 10 пайызын, Афганистанда 2,7-3 млн.го чейин, жарандарынын 6-10 пайызын түзөт. Кыргызстанда 950 миң өзбек жаран болуп, алар калктын 15 пайызга жакынын түзөт. Пайыз жагынан эң көп өзбек улутундагы жарандар Кыргызстандыкы. Өзбек улутундагы жарандар, аталган бардык өлкөлөрдүн территорияларында бир кырка жайгашпастан, негизинен Өзбекстан менен болгон чек ара территорияларда жашайт. Ал жерде алардын салыштырмалуу саны 50дөн 90 пайызга чейин болушу мүмкүн. Концепция бекилип, коңшу өлкөлөрдөгү өзбек улутундагыларга паспорт бериле баштаганга чейин, мен санаган Орто Азиянын мамлекет башчылары: Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Афганистан мамлекеттеринин башчылары коопсуздук көз караш менен Өзбекстандын жаңы саясатына баа бериш керек. Өзүлөрүнүн кызыкчылыгын так аныкташ керек. Эгер Мирзиеевдин бул демилгеси коопсуздукка, беш өлкөнүн кызыкчылыгына зыяны тийе турган болсо, беш өлкө жетекчилери бирдиктүү саясат жүргүзүп, Өзбек бийлиги менен сүйлөшүп, ал зыянды минимизация кылганга аракет кылыш керек. Өзбекстандын жаңы бийлиги “коңшулар менен жакшы мамиледе болом” деп жатат. Ошондуктан, Өзбекстан провокациялык кадамга барып, “бүгүн мекендеш паспортун, эртең Өзбекстандын чыныгы паспортун берем” деген тобокел саясат жүргүзүбөйт деп ойлом. Орто Азияда ынтымак болуп, бири-бирибиздин кызыкчылыкты эске алып, жалпы стабилдүүлүктү колдогон саястатты жүргүзүш зарыл экендигин баарыбыз, ошонун ичинде Өзбек президенти да түшүнөт деп ойлойм.

— Россия дагы мекендештерди колдоо боюнча саясат жүргүзүп келе жатат. Жакында эле Россияда Президент Путин катышкан чоң жыйын болуп өттү…

— Россия менен Өзекстандын мекендештерди колдоо боюнча саясаты эки башка. Россия – дүйнөдөгү эң территориясы чоң өлкө. Алардын экономикасын өнүктүрүүгө адам жетишпейт. Алар сырттан орус тилдүү адамдарды, мекендештерди, ал тургай, “мурунку СССР мамлекеттеринин жарандары да келгиле” деп өз өлкөсүнө чакырып жатат. Аларга киши жетпейт. Өзбекстанда тескерисинче, демографиялык басым чоң. Жер, суу жетишпейт. Ошол себептен Өзбек жарандарын сыртка түртүп чыгарат. Андан башка коңшу мамлкетте жашап жаткан жарандарга да паспорт берип, “Өзбекстандын кызыкчылыгын коргогон, жүргүзгөн инструмент катары колдонобуз” деп жатат. Ушул акыркы жагдай эң коркунучтуу. Бул Орто Азиядагы 6 мамлекеттин чыр-чатагына алып келиши мүмкүн. Бул жерде чоң кооптонуу бар.
Сөзүмдүн аягында төмөндөгүнү белгилеп койгум келет: Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын кызыкчылыгын так билип, колдоп, коргоп жатат. Путин жакында Сочиде “40-50 жылдан кийин дүйнөдө нефти түгөнөт” деди. Ал эми Өзбекстандыкы андан да тез (20-30 жылда) түгөнөт. Ошон үчүн Өзбекстандын келечектеги кызыкчылыгын билген Мирзиеев Россия менен биригип, Өзбекстанда атомдук электростанция куруп жатат. Бүгүн Өзбекстандын электростанцияларынын баары газ менен иштейт. Эртең газ түгөнсө, электричествосу жок калат. Ошон үчүн азыртан атомдук электростанция куруп жатат. Мындан бир жыл мурун шайлоонун алдында келип, Атамбаевдин да далысын таптап, “Кыргызстандагы ГЭСтердин баарын чогуу курабыз” деп, Атамбаевдин макулдугун алып кеткен. Өлкөсүнүн келечегин ойлогон лидер мына ушундай саясат кылат. Геосаясаттын 4 закону бар. Ошонун биринчи закону: “Ресурстар жетпейт”. Экинчи закону: “Өзүңдүн ресурсуң жок болсо же жетпесе, коңшунукуна көз арт, көзөмөлдө” дейт. Ошондуктан, Өзбекстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн коңшулардын ресурсуна, кызыкчылыгына кол салып жатат. Эмгек рыногубузга гана эмес, миллиард жылга жете турган суубузга да көз артып, “чогуу пайдаланалы” деп, шайлоонун алдында колдоого муктаж болуп турган Атамбаевдин убадасын алып кетти. “Атамбаевдин убадасы чыккынчылыкка тете убада болду» деп мен мурдатан айтып келе жатам. Өзбекстандын газы 20-30 жылда түгөнөт. Нарындын суусу күн күйүп, жер айланып турганда дагы 4,5 миллиард жыл агат. Бизде Кудай берген түгөнбөгөн, көөнөргүс гидроэнергетикабыз бар. Аны колдон чыгарбашыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков улуттук кызыкчылыктын сакчысы болуш керек. Ал Атамбаев Мирзиеевге берген убаданы жандырбаса, анын шайлоодогу жеңиши Кыргыз тарыхындагы эң кымбат жеңиш болуп калат. Мындай, утулгандан да жаман жеңишти тарыхта Пирдин жеңиши деп коюшат.

Динар Турдугулова

Маекти алууга жардам берген адвокат Т.Токтакуновага ыраазычылык.

Булак: Азия Ньюс

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу