Өмүрбек Бабанов жаңы жылды Сингапурда тосту жана саясый күрөшүн Атамбаевге кошулбай эле өз алдынча жүргүзөт

31-декабрда биз Москвада бозгунда жүргөн бизнесмен Өмүрбек Бабановдун  кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктоосун  жарыялап, анын текстинин эң акыркы сүйлөмүнө: “Жакында көрүшкөнчө!” деп коштошконуна көңүл бурган элек.  Эгер ал жакында Кыргызстанга кайтып келерин кыйытып айтып жатса анда бийлик менен сүйлөшүп алып келеби же Атамбаевдин бийликке каршы “согушуна” кошулганы келеби? деп суроо салган болчубуз.

Көп өтпөй Өмүрбек Бабановдун жакындары биз менен байланышып, 31-декабрда Бабанов үй бүлөсү менен Сингапурда жаңы жыл тосконун, азыр эс алып жатканын жана Кыргызстанга келгенде Атамбаевдин “согушуна” кошулбай эле өз алдынча саясый күрөшкө катышарын кабарлады. Бирок бизге байланышкан чыккан Бабановдун тарапкери өз атын ачыкка жарыялагысы келген жок.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу