Өлүп калган байкесине жолуккан кыз…

Бул окуя мындан он беш жыл илгери Ош облусуна караштуу Ноокат районунда болгон экен эмесе сөз башынан болсун.

Азима отуздарга жашы чыгып, жашоонун өйдө төмөнүн көрүп калган, бир кыздын энеси. Азима бир күнү түштө күн ысыкта ички үйгө кирип жата турайын деп уктап кетет. Бир кезде эки киши жетелеп чыгып кетет. Бирок денеси үйдө эле калган болот. Аз убакыт өтпөй эле бир чоң зоонун ичине кирип кетишет. Ал жактан алгач кыйналып жаткан адамдарды көрөт. Бир бөлмөгө кирсе түтүн — ыш, кыйкырган үндөр. Бул эмнеге минтип жатышат-деп сураса экөөнүн бирөө:

-Чылым чегип, денелери түтүнгө ышталгандар-деп жооп берет. Андан ары барса эмчегинен илинип турган аялдарды көрөт. Аларды сураса:

-Эмчектерин көргөзүп, эркектердин оюн бузгандагы күнөөлөрү жана кичине балдарды эмизген да күнөө болот. Кыскасы, булар жөн жерден эле жазаланган жок-деп жооп берип, башка эшикти ачканда ал жактагы кыйналгандарды көргүсү келбей көзүн жумуп алат. Анткени алар нарко зат колдонгондордун кыйналып жаткандары экен. Ошол бойдон көзүн жумуп алып, бир топ жерге каалгып учуп келишкенде гана көзүн ачса, жашыл талаага туш болушат. Ал жактан көздөрү өтүп кеткен айылдаштарын жана тааныган кишилер ак кийим кийип жүргөндөрүн көрөт. Бирок алар менен сүйлөшпөйт. Бир кезде каза болуп калган байкеси алдынан чыгып:

-Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң. Бар кетип кал, сени келе турган учуруң боло элек1-деп түрткөндө ойгонуп кетсе, үйүндө баягы жерде жаткан экен. Ошол күндөн тартып алдыда эмне болорун билип калыптыр. Андан дагы кээ бир адамдардын кырсыкка учурарын билип эскертип да коёт экен. Бирок, алар айтылган сөзгө көңүл бурбай коюшкандары өкүндүрөт -дейт. Качан гана “мен сага эскертпедим беле?” дегенде гана күнөөлөрүн моюнга алып калган учурлар көп кездешет экен. Андыктан бир келген бул жашоодо жакшы жашап өткөнгө аракет кылган жөндүү деп Азиза көргөн билгендерин айтты.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу