Жакында Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга жумушчу сапары менен барат. Өкмөт башчы «Бир алкак — бир жол» аттуу эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышмакчы. Азырынча эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган жок. Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында болот. Сапардын алкагында соода-экономикалык, аскерий-техникалык жана маданий-гуманитардык жааттагы документтерге кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле эки өлкөнүн башчылары ШКУ менен башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашат.
ШКУнун саммити үстүбүздөгү жылдын 14-15-июнунда Бишкек шаарында өтөрү белгиленген.
Булак: argument.kg