Өкмөт башчы Абылгазиев кетеринде позага туруп, спикер Жумабековго характерин көргөзүүдө…

Президент,премьер-министр,Жогорку Кеңештин төрагасы — Кыргызстандагы эң чоң  кызмат адамдары. Булардын бир команда болуп, ынтымак, биримдикте, бирдей план-программа менен иштешкени Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү эң негизги фактор болуп эсептелет. Бирок, акыркы окуялар бул училтиктин ичинде ырк кетип, интригалар башталып калганын көргөзүүдө. Мындай кырдаал Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт. Экономиканы өнүктүрүүгө, социалдык проблемаларды чечүү багытындагы реалдуу иш кылууга тоскоол болот. Өкмөт мышык-чычкан оюну менен алек болуп, «эртеңки тагдырым кандай болот?»деп  элеңдеп, эрки, шайы, алы кетип, алагды болуп, «күн өтсө» деген эреже менен эле иштеп калат. Ошондуктан, училтиктин бул ыдыроосун тез арада чечиш керек. Бирок, ал чечилбей созулуп, улам ырбап бара жатат. Ырбаганы төмөнкү окуялардан улам көрүнүп турат.

Абылгазиевдин алсыз, эрксиз өкмөтүн Жогорку Кеңештин депутаттары январь айынан баштап сындай баштады. Сындагандардын арасында башкаруу коалициясынын активдүү депутаттары да бар. Айрыкча акыркы кезде депутаттар өкмөттү аёосуз ур-токмокко алышууда. «Өкмөт отставкага кетет» деген сөз күн тартибине кирди. Аны Кыргызстандын саясый элитасында да, карапайым эл арасында да бул бүгүн-эртең боло турган, «өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы» деген окуядай болуп турат. Бирок, президент өз позициясын айтпай, же арачы түшүп депутаттарды «кой» дебей, айтор, кырдаал көпкө созулду. Бул маселени тез чечиш керек. Себеби эмнеде? Себеби, Сооронбай Жээнбеков Абылгазиев менен кө0п иштеди. Экөө тең адамдык жакшы сапаттарга ээ адамдар. Ошол себептен болсо керек, Жээнбеков Абылгазиевди «кет» деп айта албай, «комуздун күүсүн» депутаттар аркылуу угузуп келет. Депутаттар болсо кинени ачык, так коюп, маселени чече албай турушат. Бул интригада катардагы депутаттар эле эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да аралашканы көрүнүп калды. Чамасы, мындай жагымсыз көрүнүш, «Абылгазиев отсавкага кетсин» деп президенттин атынан ага угузуу миссиясы, милдети төрагага жүктөлгөн окшойт. Бирок, кой оозунан чөп албаган жоош, конфликтсиз, уруш-талаштан алыс жүргөн адам катары сыпатталган Абылгазиев да күтүүсүздөн эркин көргөзүп, каршылык көргөзө баштады. Жогорку Кеңештин төрагасы премьер-министрдин атына жазган 12-февралдагы каты 28-февралда медиа мейкиндикке тарап, абдан сабатсыз, көп каталар менен жазылгандыгын коомчулук кызуу талкууга алышууда. Төраганын бул каты 12-февраль күнү Жогорку Кеңештен чыгып, 13-февраль күнү өкмөткө барып түшкөн. Эки аптадан кийин (28-февралда) коомчулукка таратылды. Жогорку Кеңештин төрагасынын аппараты, пресс-катчысы, жардамчылары бир нече күн эл талкуулап, сын айтып жатса да, «ак» же «көк» дебестен, «биз иликтөө жүргүзүп жатабыз» деп өкмөткө Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси жана башка кызмат адамдары барып катты алып, катасы жок вариант менен алмаштырууга аракет жасашты. Балким, тераганын өзү да премьер-министрге коңгуроо каккан чыгар. Бирок, элпек, кичи пейил Абылгазиев характерин көргөзүп, позага туруп, бул жолу макул болбой, анан ал катты алмаштыра албай, Жогорку Кеңештин төрагасынын аппараты кетирген катасын, каттын фейк эмес, чын экенин мойнуна алууга мажбур болду. Болбосо, төраганын авторитетин, Жогорку Кеңештин кадырын сакташ үчүн өкмөт деле катты алмаштырууга макул болуп, «мына, каттын оригиналы, туура эле жазылган экен, силердеги вариант фейк» деп коюш керек эле. Бирок, ага Абылгазиев барган жок. Анткени, Жумабеков жоош Абылгазиевди ошого чейин жеткирген окшойт.

Өлө элек аюунун терисин бөлүшүп, кете элек Абылгазиевдин ордуна «ким премьер болот?» деген кыймыл жүрүп, президентке тигил же бул талапкер «жуучуларды» жөнөтүп жатышкан чак. Мына ушул процессте Дастан Жумабеков да четте калбай, Абылгазиевдин ордуна бирөөнүн талапкерлигин колдоп койгон болсо керек. Ал албетте, Абылгазиевге жаккан жок да. А президенттин активдүү позицияны ээлебестен, «эмне болот экен?» деп байкап, карап турганында да кеп бар. Эгер ал муну тез чечпесе, Жогорку Кеңештин эле эмес, өкмөттүн да авторитети кетип, кесепети президенттин өзүнө дагы тийип калышы мүмкүн.

Балким, президент Сооронбай Жээнбеков «өкмөттүн тагдырын Россия Федерациясынын президента Владимир Путин келип кеткенден кийин чечсек» деп тургандыр. Бирок, ал кеткенден кийин 7-апрель келип, Атамбаевдин угрозалары коркунуч жаратат. Анан «Абылгазиев өзү иштеген 2018-жыл үчүн ишинин отчетун берип кетсин, ага кийинки өкмөт жооп бермек беле?» деген логикалык талап келип чыгат. Ошентип, азыркы өкмөт ары же бери болбой, же иш кылбай, же кетпей, июнь, июль айларына чейин жүрө бергидей.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков боюнча да бир жылдан бери ар кандай терс пикирлер айтылып келет. Өзгөчө эл аралык ар кандай форумдарда сүйлөй албай, Кыргызстандын позициясын билдире албай, бир докладын эки жолу окутан учурлары болгонун айтып, айрым депутаттар нааразы болушуп, бирок ачыкка чыкпай жүргөн. Төраганын өткөн жылдын соңунда Туркияга барып келгени эсибизде. «Түрктөрдүн чайын ичип, убада берип келген окшойт, келе калып эле эбак чечилген «Себат» маселесин кайра көтөрүп, «түрктөргө өткөрүп берели» деген демилге көтөрүп чыкты» деп коомчулукта төраганы катуу сындашкан. Президент менен макулдашпай туруп, спикердин мындай аракети этикага туура келбесин айткандар болгон. Эми болсо премьер-министрге жазган катасы толтура каты ачыкка чыккандан кийин, Жогорку Кеңеште да, мамлекеттик телерадио компанияларда да төраганын отставкага кете турганы боюнча маселе да күн тартибинде тургандыгы сайрала баштады. Чамасы, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн командасын толугу менен алмаштырып, өкмөттүн алдына жаңы талаптарды коюп, ишке жөндөмдүү курам түзүүнү пландап жаткан чыгар…

Дания ТУРГАНОВА

БУЛАК:Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу