Юлия Руцкая бактылуу болуунун сырларын бөлүштү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Юлия Руцкая жашоонун ар бир ирмемине ыраазы болуп жашаш керек деп эсептерин айтты жана дагы өзүнүн күйөрмандарын ушуга үндөдү.

“Баардыгы жакшы учурда — ден соолук, бакыт, сүйүктүү жумуш, байлык бар кезде жөн гана анын баарын баалай билүүнү, ошондой эле ар бир көз ирмем үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүңүз.

Тагдырды сынабаңыз, жаман, оор жашоо үчүн даттанбаңыз. Дагы деле оорчулукка кабылып жатсаңыз жана кыйынчылкта жашап жатсаңыз ден соолугу жок болуп жаткан адамдарга караңыз, алар жашап жактан ар бир саатына кубанышат, жумушу жокторго, үй-бүлөсүн багууга аракет кылып жаткандарга, үйү жокторго жана көчөдө жашап жаткандарга караңыз. Кудайга шүгүр келтирсеңиз, ал сизди сөзсүз бактылуу кылат”,-деп эсептейт ырчы.

Эскерте кетсек, Юлия Руцкая элге “Кызыл гүл”, “Аппак сүйүү”,”Жолугарым билгемин” деген ырлары менен кеңири таанымал.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу