Эң кымбат Неймар Барсадан кетет

Франциялык «ПСЖ» 222 миллион еврого бразилиялык оюнчуну сатып алат.

Жакынкы күндөрү бразилиялык Неймардын Франциянын “ПСЖ» клубуна өтүүсү аяктайт. Чет элдик маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, оюнчу келишимди токтотуу жөнүндө «Барселона» жетекчилиги менен макулдашууга жетишкен.

Жекшемби күнү, каталондуктар Неймарды Париж клубуна өтүп кетпөөсү үчүн акыркы жолу аракет кылышты. Бирок бразилиялык оюнчу буга чейин «ПСЖ» менен макулдашып, ага ылайык жылына 30 миллион доллар таба турган алты жылдык келишимге кол койду. Оюнчунун башка клубга өткөндүгү жөнүндө расмий маалыматтар жакынкы күндөрү жарыялануусу керек.

Неймардын трансфери футболдун тарыхында рекороддук болот. Ал үчүн “ПСЖ” 222 миллион евро төлөп берет.

Неймардын «Барселонадан» кетип жатканын «көк гранаттардын» лидери Лионел Месси кыйыттып өттү. Аргентиналык оюнчу социалдык тармактардын биринде бразилиялыктын сүрөттөрүн өчүргөн.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу