Эртең менен ойгонгонуп тура албай кыйналып жатсаңыз. Анда…

Ден соолукта мыкты болуш таң эртең менен тургандан тарта жасаган кыймыл-аракетибиз маанилүү. Таң эртең менен турар замат, манжаларыңыз менен кулагыңызга массаж жасаңыз. Мындай ыкма кан айланууну жакшыртат. Муну менен бирге көз, тиштин дагы ден соолугуна кам көрөт жана беттин терисине дагы пайдалуу.

Эки колуңуз менен башыңызга массаж жасаңыз. Бул ыкма дагы баш оорунун алдын алат. Көзүңүздү жуумп, баш бармагыңыз менен анын тегерегине укалоо жасаңыз. Ал да болсо көздүн чарчашынын алдын алат. Саат жебеси боюнча, колдоруңузду айландырыңыз. Бул ыкма булчуң эттерге абдан пайдалуу жана жеген ашыңызды бат сиңирүүгө жардам берет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу