Эмил Токтошев, “Ата-Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Байлыгымды ачык жазып алып, бандиттерден кооптонуп атам”

Депутат мырзанын чочулап атканында жөн бар. Учурда «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» дегендей болуп, «кара күчтөр» тымызын түрдө бизнесмендерди, айрым чоңдорду сыгып атканы жалганбы? Мындай көрүнүштөр көбүнесе айтылбайт, себеби, капчыктуулар үй-бүлөсүнөн, ж.б. жагдайларынан коркушат. Ансыз да күч органдары алсыз болуп аткан чакта, мамлекет бул жагына олуттуу көңүл бурушу зарыл.

– Эмил мырза, декларация боюнча мыйзамды өзгөртүү керектигин айтып жатасыз. Кандай сунуштар бар?

– Декларация боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Азыр баары ачык, бирок кээ бир жерлерин купуя кармоого туура келүүдө. Депутаттардын баарынын сунуш-пикирлери айтылып, талкуу болот. Ошого жараша өзгөртүлөт. Анткени, айрыкча киреше бөлүк ачык болсо, терс таасир жаратпайбы? Ушундай ойлор бар. Дагы бир нерсе, декларацияда баары көргөзүлбөй жатат, туугандарына, жакындарына каттатып коюшат. Мындай учурда тапкан кирешеси көмүскөдө калып калат. Жакында эле көрдүк, үй-жайы, унаасы жок депутаттардын тизмеси чыгып, коомчулукгун катуу сынына кабылышты. А чынында баарыбызда тең унаа, үй-жай бар да. Болгону, жашырып коюшкан.

– Сиздин канча байлыгыңыз бар жана баарын декларацияда көргөзгөнсүзбү?

– Мен депутат болуп келгенге чейин ишкер болгом. Кара тер менен тапкан байлыгымдын баарын катпайм, ачыкка коём. Сөзсүз декларацияда каттаткам. Бирок, «бандиттер артымдан түшпөйбү?» деген кооптонуу жок эмес. «Ошол себептен бул мыйзамды өзгөртүү керек» деп жатканыбыз ошондон.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу