Эмилбек Каптагаев: «Жээнбеков Бабановго андай айткан эмес…»

Байкасам Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо атаандаштыгынын учурундагы теле-айтышта Бабановго «…коррупция менен күрөштү сенден баштайм…» деп айткан сөзүн бетке кармап шыкактоо, «эркек болсоң сөзүңө тур» дегендей кылып ачыктан ачык эле тукуруу аракеттери жүрүп жатат… Менимче бул натуура иш. Бул тууралуу пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев социалдык тармагына жазып чыкты.

«Биринчиден, айтылган сөздүн Бабановго карата Он-Адырды шылтоолоп Атамбаев жасалма түрдө козготкон кылмыш ишине тиешеси жок, ал өзүнчө иш, өзүнчө каралып, өзүнчө чечилүүгө тийиш. Экинчиден, Президент Жээнбеков өз сөзүнүнүн өтөөсүнө чыгышы үчүн Бабановдун мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурундагы иштерин ачык жана тыкыр текшертип, күнөө кылгандай иштер болсо ачыктап, андай мыйзам бузуулар жок болсо аны да ачык айтууга милдеттүү. Эгерде Бабанов тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупциялык иштер, аракеттер жасалганы аныкталбаса, анда ошол теле-айтыш учурунда айтылган сөз жокко чыгат, экөөнүн ортосунда араздаша турган эч кандай меселе жок болуп калат. Анткени Президент Жээнбеков ал учурда сөзсүз эле каматам, жок кылам дегендей мааниде сүйлөгөн эмес да. Же мен натуура ой жүгүртүп жатамбы?», деп кошумчалаган Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу