Эльвира Сурабалдиева өзүн аялуу адам катары көрсөтөм десе, терең жаңылат…

Кыргыз коому, кыргыз саясаты кызыктай мезгилди башынан өткөрүп жатат. Кызыгы эмнеде? Ким биринчи кыйкырса, анын. айтканы анык болуп, туурабы туура эмеспи, чынбы жалганбы териштирбей туруп гүүлдөп талкууга түшүп калып жатат. Ал эми айткан киши ким эле, эмне максатты көздөп айтты, дегеле эмне жолду басып өттү, эмнеге жөндөмдүү деген суроолор көз жаздымда калып жаткандай. Буга албетте учурдагы кырдаал, өлкөнүн абалы, ишенимден кеткен сот системасы, бийликтин кемчилиги түрткү болуп жатат.

Дегеле популизмдин очогу дал ушундай чөйрөдө жакшы тутанарын тарых бир нече жолу далилдеген. Адилетсиздик болуп, көйгөйү көп өлкөдө ким кооз сөздөр менен кыйкырса, элге жаккандай болуп сезилет. Бирок анын кесепети өлкө үчүн да, анын жарандары үчүн да оор болушу мүмкүн. Алыс барбай эле жакында Жогорку Кеӊештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын билдирүүлөрүн алалы. Бул айым ар кимге жалаа жаап, анын эсебинен эл алдында өзүн чындыктын негизги күрөшүүчүсү катары көрсөтүүгө өттү.

Балким, депутат айым өзү үчүн жакшы максатты көздөп жаткандыр. Эл алдында адилеттикти айткандай болуп, кадыр-барк топтойм десе керек. Бирок. Бирок деген жалгыз сөз адамды бираз ыӊгайсыз кылат. Дал ушундай кадыр-баркты кимдир-бирөөгө жалган жалаа жаап, калп эле «өзүн кимдир-бирөөдөн запкы» жеген адам катары эмес, учурдун урунттуу маселелерин көтөрүп, ачык айтып, ак сүйлөп тапса жакшы болмок. Анын үстүнө бүгүн аны депутат болууга шарттаган байлыгы жана ошол байлыгынын булагы боюнча суроолор дагы кишини күмөн кылат. ϴткөн кылымдын 90-жылдарында Эльвира айымдын маркум атасы Жыргалбек Сурабалдиев кандай жол менен байлык топтогону белгилүү.

Албетте, атасы үчүн баласы жооп бербейт. Бирок маселенин моралдык жагы бар. Атасынын ар кимдин коркутуп, үркүтүп алган байлыгын эӊ жогорку жетишкендик, бизнестин алтын эрежеси катары көрсөтүп, бүгүн адилеттик менен актыктын башкы каарманы болуп, башкаларга жалаа жапканы анча кадыр-барк алып келбейт. Дегеле популизмдин мыйзамына ылайык, кыска мезгилде мындай кадамдар менен Эльвира айым коомчулуктун көӊүл борборунда болуп, өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Бирок убакыт менен абийир сотунун алдында мындай жоруктары үчүн Сурабалдиева далай жол ыӊгайсыз болуп, кесепетин жон териси менен сезиши мүмкүн.

Себеби, кимдир-бирөөнүн акысын жеп, ак жеринен жалаа жапкан чынтийбестиктин сабагы оор болот. Кийинкиде чындыкты айтып жатсаң да сага эл ишенбей коюшу мүмкүн. Ал эми, ал эми андай учур бат эле келет. Убагында ϴмүрбек Текебаевди камакка алган учурда негизги күбө катары орус ишкери Леонид Маевский чыккан эле. Ошол учурда Маевскийдин басып өткөн жолу, шойкомдуу жоруктары көп экени жөнүндө айтылса да, бийлик мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу улам улам берип жатып, «массалык каралоо пропагандасынын» негизинде «Ата Мекендин» лидерин камакка алып тынган. Кийин Маевскийдин ким экени жакшылап, билинип бүгүн өзү түрмөдө олтурбайбы. Ал эми аны колдонгон мурунку бийликтин абалы кандай да, убагында ак жеринен абактагы Текебаевди эл кандай кабылдап жатат? Ойлонолу…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу