Элчи А. Жекшенкулов Орусияда мекендештер менен жолугушуу өткөрдү

2019-жылдын 31-январында Москвадагы Улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун мекендештер жана Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери, активдери менен биринчи жолугушуусу өттү.

Жолугушууну ачуу менен Элчи А.Джекшенкулов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укук жана кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, кыргыз мамлекетинин башчысы жана КРнын Өкмөтү тарабынан жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын маанилүү ролун баса белгилеп кетти. Элчиликтин кыргыз диаспорасы, эмгек мигранттары менен мындан ары жүргүзө турган иш-аракеттерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо багыты боюнча консулдук ишмердүүлүгү жана Элчиликтин укуктук ишмердүүлүгү, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин мындан ары күчөтүү аракеттери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ушундай эле маалыматты КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Кожобаев, КРнын ИИМнин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Коомбаев өз иштеринин багыттары, 2018-жыл ичинде жасалган иштер тууралуу баяндап беришти.

Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын илгерилетүү жана укуктарын коргоо тармагында КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын аксакалдары, жетекчи, активисттери Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалуусу менен А.Джекшенкуловду кызуу куттуктап, жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Элчи элин, жерин коргоо үчүн курман болгондорду эскерүү менен кыргыз жана орус элдеринин жалпы тарыхый жана руханий мурастарын сактоо максатында Россиянын Тверь облусунун Ржев аймагынын алдында Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде каза болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузуу маселесин Москва облусундагы жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы менен биргелешип тургузуу боюнча демилге-сунушун киргизди. Аталган сунушту диаспоралык уюмдардын активдери бир добуштан колдошту.

Андан ары жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланып, 25тен ашуун катышуучу “жүк 200” жеткирүү үчүн каражаттын төлөнүшү, мектеп жана бала бакча жашындагы балдардын Россия жергесинде билим алуусу, авиа жана темир жол билеттеринин баасын төмөндөтүү, Россия жергесине чыгып жаткан эмгек мигранттарынын жашоосун камсыздандыруу тууралуу суроо-сунуштарын айтуу менен тийиштүү жоопторун алышты.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Элчи А.Джекшенкулов мекендештерди биргелешкен иштерге активдүү киришип, диаспоранын потенциалын топтоп, 2018-жылдын 19-ноябрында КРнын Президентинин Жарлыгы менен уюшулган чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин алдында коюлган максат, милдеттерди биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Иш-чарада кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын 130дан ашуун өкүлдөрү, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция, дарыгер, студенттер, жеке ишкерлер катышты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу