Экс-министр Жекшенкулов үйүн бала бакчага белекке берет

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кочкор айылындагы ата-энесинин үйүн бала бакча кылуу үчүн мамлекетке белекке берет. Бул тууралуу анын уулу Беккул Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, Жекшенкуловдордун үй-бүлөсү кеңешип, айылда бир гана бала бакча бар экенин эске алуу менен ушундай чечим кабыл алышкан.

Беккул Жекшенкулов учурда үйдү мамлекеттин балансына өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады. Андан соң үйдү заманбап бала бакчанын шарттарына ылайыкташтырыш үчүн иш жүргүзүлмөкчү.

61 жаштагы Аликбек Жекшенкулов 2005-2007-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Буга чейин айылдагы үйлөрүн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев менен Чыныбай Турсунбеков бала бакча үчүн мамлекетке өткөрүп берген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы үч кабаттуу имаратты мектеп үчүн белек кылган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу