Эки мэр, кылмышкери кимиңер?

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бир ишке бириктирилип карады. Ленин районунда сот, 6-мартта башталып, ал 13-мартка жылдырылды. Сот отурум жабык өтүп, журналисттер, айыпталгандардын туугандары киргизилген, видео, сүрөт тартууга да уруксат берилген жок. Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан 14 кишиге айып тагылган.

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коррупцияга айыпталып жатат. Тергөөнүн айтуусу боюнча алар «Калыс Ордо» мектебиндеги курулуш иштеринде бааны жалпысынан 12 миллион сомдон ашуун ашыкча сарпталган. Албек Ибраимов ошондой эле «Дастан» компаниясындагы жана жер тилкесин бөлүп берүүдөгү коррупция боюнча айыпталууда.

Булак: «Факт.кж гезити»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу