Эки “кочкордун” башы кайрадан бир казанда кайнайбы?

2015-жылы парламенттик шайлоодо бириккен «Республика-Ата Журт» партиясынын тагдыры кандай болот? Ташиев менен Бабановдун келишими кандай болду эле? Парламенттик шайлоодо партия экиге бөлүнөбү?

Мирлан Жээнчороев, «Республика-Ата-Журт» партиясынын депутаты: “Бабанов менен Ташиев өз жолдору менен кетет. Келишим ошондой болгон”

-2020-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясы парламенттик шайлоого катышпайт деген келишим болгон. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында эки партиянын саясий тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов өз жолдору менен кетет деген расмий сүйлөшүүлөр болгон. Бүгүнкү күндө саясий партиянын партиялык съезди же саясий кеңештин отуруму өтө элек болгондуктан, 2020-жылдын тагдыры чечиле элек. Экинчиден, Өмүрбек Токтогулович кыргыз элинин атуулу болгондуктан Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет.

Максат Сабиров, «Республика-Ата-Журт» партиясынын депутаты: “Бабанов шайлоого катышат”

-«Республика» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2020-жылы өтө турган партиялык шайлоого катышат деп ойлойм. Шайлоодо 600 000 кол топтой алган чыныгы лидерлердин сап башында тураары талашсыз. Партиянын сьезди болуп өткөндөн кийин бул боюнча так маалымат беребиз.

Булак:  «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу