Ырчы Анжелика күйөөсүнүн көзүнө чөп салдыбы?

Азыркы тапта шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында ырчы Анжелика күйөөсү Урмат Бекболиевдин көзүнө чөп салып кармалып калгандыгы туурасындагы кеп кызуу талкууга алынууда.

Ырчы айымдын акыркы күндөрү социалдык баракчасына жүктөгөн ар бир сүрөтүнө «Жолдошу менен ажырашып кетти. Жолдошу Анжеликаны таштап Москвага кетип калыптыр. Экөө таарынышып кетишкен» деген пикирлер тынбай калтырылып жаткан чагы.

Эмне себептен учурда Анжеликанын жеке жашоосу кызуу талкууда болуп жатканын жана бул кептер туурасында так маалымат алуу үчүн ырчы айымга байланышка чыкканыбызда кол телефонун көтөргөн жок, ал эми жолдошунун телефону аймактан сырткары болуп чыга келди.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу