Ырчы Анжелика кимге турмушка чыгыт?

Ырчы Анжелика азыркы тапта үч кыздын энеси. Ал эми ырчы айым өздүк баракчасы аркылуу күнүмдүк жумушун, жашоосун жарыялап тургандыктан күйөрмандары тынымсыз кабардар болуп турат. Бул ирет ырчы 1-апрелге «Күлкү күнү» -деп жакын курбуларын тамашалаганын жазып, «Курбуларым менин тоюма көйнөктөрүн камдап алышыптыр»-деп каткырган быйтыкчалар аркылуу жазып чыккан. Мындай билдирүүгө интернет колдонуучулар, «Калп эле ойношуңа намёкбу?, «Уялчы кайдагы той!», -деп сындашса, айрымдары, «Кана эми той болсо, бактылуу болмоксуң», «Ооба турмушка чык, сен сулуусуң»-деген сындуу пикирлерин жазып калтырышкан.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу