ЫРЧЫЛАР КИЙИЛБЕГЕН КИЙИМДЕРИН ЭМНЕ КЫЛАТ?

Ырчылардын ырдаганы эле эмес, баскан-турганы, кийген кийимине чейин эл назарында эмеспи. Андыктан концерт, той-кечелерге арналган кийимдерин бат-баттан жаңылап турууга мажбур болушат. Алар мынча кийимди эмне кылышат, кайда батырышат деген суроо жаралат. Келиңиздер, алардын гардеробуна баш багып көрөлү.

Самара Каримова:
“АЯБАЙ СУРАНГАНДАРГА КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ САТАМ”
– Күндө эл алдына чыккандыктан, көп көйнөк тиктирем. Андан тышкары мода үйлөрүнөн “биздин көйнөктү кийип жарнамалап бер” деп сунуш кылышат. Эгер алардын кийимдери жакшы кездемеден, сапаттуу болуп тигилсе макул болом. Кийимдерим көп болгондуктан бир бөлмөнү гардероб кылып алгам. Шкафка батпай калгандарын баштыктарга салып коём. Көйнөктөрүмдү ар кимге тарата бербей, чогултуп, сактап келем. Кээде гана аябай сурангандарга сатып же белек кылам.

Съездбек Искеналиев:
“ФОРМАЛАРЫМДЫ КӨҢҮЛҮМ СҮЙГӨН АДАМДАРГА ЫРЫМДАП БЕРЕМ”
– Албетте, кийимдеримдин баарын гардеробумда сактоого аракет кылам. Негизи чоң концерт коёрдо өзгөчө кийимдерди тиктиребиз. Ошол мээнет менен тигилген формалар гардеробумда сөзсүз турушу керек. Ал эми той-топурларга барганга мурунку стилиме окшошуп калбасын деп костюм-шымдардын түрлөрүн алам. Улам жаңысын ала берсең батпай кетпейби, ошондуктан өзүм кийген формалардан көңүлүм сүйгөн адамга, жаңыдан чыгармачылыкка киришкен өнөр адамына ырым кылып тартуулап турам.

Анжелика:
“КИЙИЛГЕН КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ ИЖАРАГА БЕРЕМ”
– Негизи кийимдерди иргеп, гардеробду тазалап турам. Бирок бардыгын ар кимге таратып салбайм. 20 жыл мурда алгачкы ирет сахнага чыкканда кийген көйнөгүмдү, кымбат, баалуу таштар менен тигилген жана мага өзгөчө жаккан кийимдеримди сактап коём. Ал эми өзүбүздүн мода үйүбүздүн көйнөктөрүн бир-эки ирет кийгенден кийин кайра дүкөнгө коём, ал жактагы көйнөктөр ижарага берилет да. Сиңдилеримди, күйөрмандарымды кубантып көйнөктөрүмдү берип турам.

Айгерим Расул кызы:
“МОДА ҮЙЛӨРҮНҮН ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ КӨЙНӨКТӨРҮН ЖАРНАМАЛАП БЕРЕМ”

– Күндө тойлорго чыккандыктан бир эле көйнөк, костюмду кийип жүрө албайсың. Айрымдарын бир жолу кийсем, кээ бирлери ыңгайлуу болуп, эскиргенче кийип жүрө берем. 3 жашымдан бери сахнада жүргөндүктөн кийимдеримдин көпчүлүгүн сактап койгом. Кээде улуттук, кече көйнөктөрдү сурагандар болот, аларды убактылуу берип турам. Кээ бирин “сатпайсыңбы” дешет, эгерде өлчөмү туура келсе сатып жиберем. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн бир бөлмөсүн кийимдер ээлеп турат. Кээ бир көйнөктөрдүн кездемелерин өзүм сатып алып, дизайнын чийип, буюртма менен тиктирем. Андан тышкары мода үйлөрү менен келишим түзүп, эксклюзивдүү көйнөктөрүн жарнамалап берем.

Гүлнур Асанова:
“ҮЙДҮН БИР БӨЛМӨСҮН КИЙИМДЕР ҮЧҮН БӨЛҮП КОЙГОМ”

– Сахнага кийип чыккан көйнөктөрүмдү кайталап кийбегенге аракет кылып, жаңы костюмдарды тиктирип турам. Жакындарым, курбуларым сураса белек катары берип коём. Бир эле костюмумду саткам. 23 жыл мурунку формаларымды дагы деле сактап жүрөм. Негизи ар кимге таратпай, сактайын деп үйдүн бир бөлмөсүн кийимдерим үчүн бөлүп койгом.

Гүлзат Байзакова:
“КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ САТЫП ЖЕ ИЖАРАГА БЕРГЕН ЭМЕСМИН”

– 30 жылдан бери сахнага улуттук көйнөктөрдү кийип чыгам. Алардын баарын гардеробума сактап, батырууга мүмкүн эмес. Анын үстүнө жашыбыз улуулап баратат, өлчөм, кийимдин фасондорун да өзгөртүүгө туура келет. Биринчи жолу сахнага кийип чыккан формамды сактап койгом. Ал эми 10 чакты көйнөгүмдү өнөр сүйгөн сиңдилериме белек кылгам. Бирок сатып же ижарага берип көргөн эмесмин.

Урмат Усенов:
“ГАСТРОЛГО ЧЫККАНДА КҮЙӨРМАНДАРЫМА КОСТЮМДАРЫМДЫ ТАРТУУЛАЧУМУН”
– 2005-жылдары сахнага жаңыдан чыгып баштаганда атайын форма тиктирчүмүн. Бара-бара кийим саткан дүкөндөрдөн алганга өттүм. Ошол баштапкы кийимдерим азыр деле бар. Бир-эки жолу кийип, элге таанылып калган костюм-шымдарымды аймактарга гастролдоп барганда катуу күйөрмандык кылгандарга тартуулап келчүмүн. Андан тышкары маданият жаатында окуган студенттер атайын келип сураган күндөрү болгон. Жакшы ниет менен ырым болот деп тартуулап жүрөм.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу