Шайлоо убагында кылып берген «Жарык шаар» программаңыз «шейит» кеттиби?

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башбаканы Бакыт Төрөбаев шайлоо алдында балп эттирген. Бир жылда биз өлкөнүн баарын жарык менен камсыздап, жарык өлкө кылып салабыз деп… Сөздү айтаардан мурда ойлонбогон чоңдордун азабы өттү, эй! Өлкөнү койдум, ушу борбор шаарыбыз дале караңгылык кучагында карбаластап келет. Ал эми Төрөбаев болсо, мурунку сөзүн унуткан. Чадырайып чарба менен алек болгон киши кебетесинде ар кайсы жерде «трактор айдап» жүрөт. Ал трактор аракети деле эми жыйынтык бербей калды көрүнөт. Айтылган сөзүн аткара албаган соң «адам» деген ат, анан «жигит» деген сапат жарашабы? Эптеп депутаттыкка илешкен соң убаданы унутуу Төрөбаевдин эски оорусубу? «Жарык шаар» деген ураанга жамынып Жогорку Кеңештин босогосун аттаган Бакыт Төрөбаев азыр чүмкөнүп алып жатат. Бет деген калың экен да…

—Бакыт Эргешович, келе жарык, келе шам чырак? Анткени сиз элге айткансыз, шаары ичин жапжарык кылабыз дегенсиз… Жасаңыз. Жасай албасаңыз дагы аракет кылыңыз да. Эми эл ушинтип эле сурап алат. Бере албайсыңбы, көчөсүн, шаарын, айылын жарык кыла албайсыңбы анда кет да. Колуңан келбеген соң эмнеге жомокчу болосуз? Же эмне «Жарык шаар» программаңыз «шейит» кеттиби?

Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу