Чыныбай чын эле президент болгусу келеби?

Акын, депутат Чыныбай Турсунбековду акыркы кездерде дегеле «саясий сахнадан» көрбөй калдык. Бир топ эле «концерттер» болуп, далай шоулор, маскарапоздор жүрүүдө. Арасында «атаманы» Акунович жок. КСДПнын кыйсыпыр иштери билинип, эки жээк болуп элде албай турганда деле Турсунбек мырза дың дебедию Катуу таарынып, дегеле «Президент болмогу бар» кишидей таарынычын ташка бастырып эле туруп алды.

Эсибизде, Кыргызстандын тагдырын таалайларына жараша тандап турган КСДПнын кел кели келип «мураскерге» кимди чыгарабыз деп турганда Чыныбай мырза «мен болсом» дегендей тилегин билдиргенин. Ачык эле КСДПнын сьездине чыгып сүйлөп, «мен эмнеге жарабайт экем» дегендей да айтып жиберген. Тандоо башкада туруп, бактысы тоодой болгон Жээнбеков Атамбаевдин ак батасын алып кеткен. Ошондон кийин ички таарынычын сыртына чыгарбай жүргөндөй түр көрсөтөт. Сүйлөбөйт. Көргөндөр, уккандар анын унчукпаганын назары катуу сынса керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок, анын антип үн катпаганында көп сыр бар экен.

«Унчукпаган үйдөй балээден кутулат» деген кыргыз философиясын карманып, кыл чайнаш саясаттагы санды-рактардан айрымалангысы келет экен.

Максаты тоодой Турсунбеков кийинки президенттик ат салышка азыртан ушинтип даярдык көрө баштаптыр. Кечээ экс менен азыркы президенттин ушул кездеги абалына өзүнүн саясий көз карашын билдирип, дегеле эч нерседен шек алдырбаган Чыныбай мырза, эки жээктин эбин таап, эки жактыкын тең туура экенин айтыптыр. Анысы албетте калыстык кеп, кайсыл бир «сатып» же жеке керт баштын кулун ойлогондорго караганда.

А биздин боолгобузда Чьныбай чынар теректин чырпыгын эмитен эл тарапка ыргытып, казыгын катуу кагып, кийинки ажо тактыны талашканга таасын эле аттаныптыр деп калдык.

Булак: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу