Чынара Капарова, диктор: «Жеген тамакты ылгаш керек…»

Менин тукумумда толук адамдар болгон эмес. Сырткы келбетиме курбуларым да суктанып турушат. Бирок менин геним ушундай деп деле өтө ишенип алган болбойт. Дайыма тамакты ылгап, чени менен жегенге аракет кылам. Ашказанымды ошол өлчөмгө көндүргөм. Жумасына бир жолу балдарга камыр тамак жасап берем, бирок өзүм ооз тийип эле коём. Таттууну көп жебейм, газдалган суусундуктарды эзели ичпейм. Арык бойдон жүрүүнүн дагы бир сыры, жашылчадан жасалган суюк тамактарга басым жасоо керек. Суюк шорпо тез сиңет жана ашказанга күч келтирбейт.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу