Феликс Кулов: “Учурда Түлеевдерге карата мыйзамсыз жүрүп жаткан иштер керек болсо 1937 жылы кылынган эмес”

“Ар-намыс” партиясынын мурунку лидери Феликс Кулов, соңку мезгилдердеги Түлеевдердин үй-жайларынын тегерегиндеги болуп жаткан адилетсиз соттук иштер боюнча калыстык оюн билдирди.

“Мен мурун Жогорку Кеңеште фракция лидери болуп турганда, Нариман Түлеевдин  конфискациялана турган  мүлктөрү боюнча парламенттин трибунасынан чыгып депутаттарга, Башкы прокурорго түшүндүргөм, андан соң Президенттин администрация башчысына кирип айткам жана мамлекет башчынын өзү менен жолугуп ага кайрылып, —  сотун өкүмдөрү мыйзамсыз чыгып жатат, адилетсиздикке жол бербеш керек дегем” деп айтты Феликс Кулов.

“Мыйзам боюнча конфискация белгилүү бир кана учурларда жүргүзүлөт, ошол мүлктөр кылмыш жолу менен табылган болсо. Ал эми, Нариман Түлеевдин кандай мүлктөрү алынган жатат?  Учурда анын бир туугандарынын, жакындарынын, 1995 жылы салынган атасынын үйү ж.б., бул абдан одоно мыйзам бузуу, мындайды керек болсо 1937 жылы кылган эмес”, деди ал.

Куловдун  оюнча, мындай нерсени кылуу туура эмес, соттор жаман жорукту баштап  терс прецедент кылып жатышат, бул кылганды башкаларга карата туурап баштаса эмне болот? Буга жол бербеш керек, эртеңки күнү күнөөсүз адамды, кылмыш иштерине тиешеси жок кишилердин мүлктөрүн рейдердик жол менен басып алууга шарт түзүп берген болот.

 

Булак: Искра.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу