Фарид менен Икрамдан АШАнын көңүлү калдыбы?

Атамбаев менен КСДПнын «жылдызы жанды». Өткөн жуманы Кыргызстанда экс-президент А.Атамбаевдин жана КСДПнын “жылдызы жанган” мезгил болду десек болот. Анткени алар 2010-жылдын 7-апрель окуясын шылтоолоп, кезектеги курултайын өткөргөндөн тышкары алдыдагы шайлоолорго катышуу үчүн бир топ эле саясый упай топтоого аракет кылышты. 6-апрелде КСДПнын жабык-жашыруун өткөн курултайынан соң бул азыр же башкаруучу экендиги же бийликке каршы оппозиция экендиги билинбей, ит жыгылыш абалындагы партиянын Саясый кеңешинин жаңы курамы жарыяланды.

Анда бир топ бийлик короосуна өтө качкандар менен аты-жыты билинбей кеткендердин ордуна жаңы, жаш мүчөлөр киргендиги күтүлгөн-күтүлбөгөн жаңылык болду. Бирок бул тизмеде А.Атамбаевди бийликте турганда көлөкөсүндөй ээрчип жүргөн эки фигура, “серый кардинал” атка конгон ишенген адамдары Ф.Ниязов менен И.Илмияновдун жоктугу таң каларлык болду.

Бирок КСДПнын маалымат катчысы К.Жолдубаева ошол замат эле Ф.Ниязов менен И.Илмиянов КСДПнын Саясий кеңешине кирбеген менен, дагы деле партия мүчөсү катары калышарын билдирди. “Мен Ф.Ниязов менен И.Илмияновдун КСДПнын Саясий кеңешине кирбегени боюнча түшүндүрмө бере кетейин. Биринчиден, бул алардын тандоосу болду.

Ф.Ниязов жолду жаштарга, жаңы жүздөргө бериш керек деп эсептейт. Бүгүн КСДП жаңы багыт алды, анда элитаны алмаштыруу да каралган. Бирок, биз Фарид Абилезимовичтен Саясий кеңештин курамында калууну өтүндүк, кантсе да, ал партияны курууда чоң салым кошкон жана кошуп келатат. Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана “Апрель” коомдук фондунун директору бойдон кала берет.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылы эле президенттик шайлоо бүткөн соң партиянын иштеринен алыстоо ниетин билдирген. 2018-жылдын башында бул чечимин тастыктаган. Экинчиден, экөө тең КСДПнын мүчөсү катары кала берет”,- деди К. Жолдубаева. Каап, азыр бири УКМК абагында отурган, экинчисинин үстүнөн кылмыш иши домоктун кылычындай илинип турган бул эки “азамат” А.Атамбаев президент болуп турганда ушундай кадамга барышса, анда эл туура кабыл алат болчу…

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу