Атамбаев кайтабы?


Теңир-Тоо ынтымак коомунун жаштар төрагасы 

Урматбек Акунов менен ат жалында маек. 

 

— Атамбаев чет өлкөдөн кайта электиги коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Сиздин оюңуз кандай? 

— Атамбаев өлкө башчы болуп турган маалда дагы мыйзамга туура келбеген өргүүлөрдү көп алган. Ошондой эле президенттик протокол боюнча учуп барган жеринен кайра жамаат менен учуп келбестен өкмөт жана президент мүчөлөрүн учуруп ийип өзү белгисиз мөөнөткө чейин калып калган убактар көп болгон. Бул жерде деле Атамбаев качан келээр келбесинен эч кандай кеп кылбай деле койсо болот. Атамбаевдин ахыбалын түшүнсө да болот. Ак үйдөгү атка минерлерден баштап акчалуу олигархтар да жагалданып, 6 жыл бою жанынан чыкпай жаман көндүргөн. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков АШАнын айланасындагы коррупционерлерди жана ууруларды камакка алып эл ырысыкысын куздура баштады. Атамбаевдин айланасына бири дагы басып баргандан коркушуп, качышып кээ бирөө коомчулук арасында актанууда. Бийликке мындай жагалданууну көрүп, Атамбаев өлкөгө кайтып келгиси келбей жаткандыр?

— Фарид Ниязов да четке чыгып кетти деген сөз болууда…

— Кечээ Фарид Ниязовдун дагы аэропорттон чыгып кетендиги боюнча коомчулукта талкууда. Ал азыр өлкөдөн качпайт. Аткени, АШАнын командасынын болгон схемасын жана саясий чиймесин ушул адам чийип келген. Бул адам Кыргызстандан эч жакка кача албайт. Жана мунун курмандыгы болгондор аны эч жакка кетиртпейт. Мунун бир гана себеби Атамбаев сыртта жатып алып, бул жактан барган тарапкерлерине кенен-кесири эмне кылуу экендигин айтып туруш үчүн гана жөнөп кетти деп ойлойм. Сырттагы сүйлөшүүлөрү бүткөндөн кийин эле экөө ээрчишип алып кайтып келишет. Экөөнүн бара турган жери жок, аларды күткөн эли да жок.

— Укук коргоочулардын баары бийликке умтулгандар болот дешет. Сизде андай жокпу?

— Укук коргоочу адамдар бул чыныгы элдин үнүн уккан эл үчүн күйгөн адамдар болуп эсептелет. Алар бийликке көп умтула бербейт. Алар элдин көйгөйүн бийликке жеткирүүчүлөр. Эгер бийлик биз менен кызматташууга кызыктар болсо биз да эл үчүн эмгектенгенге даярбыз.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу