Уран унутулуп баратканда Абылгазиев уран кенин иштетүүнү баштаган жатабы?

Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүүгө аракеттешүүнү тапшырды. Ал кен, өнөр жай министри Эмил Осмонбетовду катуу каарып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, ишке киргизиле турган ар бир кенге “урунттуу” жетекчини бекитүүнү жана аларга жеке жоопкерчиликти жүктөөнү талап кылды.

«Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системалуу мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялардан жана эл аралык уюмдардын жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4% өскөн жана өсүш 4,4% баалуу металлдарды өндүрүүнүн жана 8,1% пайдалуу кендердин өсүүсүнүн эсебинен камсыздалган. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 10 млрд 687 млн сомдон ашуунду түзгөн, тармакта 18 миңден ашуун адам иштейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

«NazarNews.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу