Уранга каршы турган Эркин Булекбаевге айып пул салынды

“Жашылдар” партиясы Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө каршы чыккандардын алгачкыларынын бири. Алардын бул аракетине бийлик тарабынан бир топ кысымдар болуп келгендиги ырас.

30-апрелде, уран иштетүүгө каршы нааразычылык акциясында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаевди милиция кармап кеткен. Шаардык милиция аны митинг өткөрүүгө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимин бузду деп айыптаган.

Тартип бузуу кодексинин 82-беренесине ылайык, саясатчыга 3 миң сом айып пул салынган. Э.Булекбаев бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко арыз жазарын маалымдады.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу