Улакчы Урмат Самаев эмне боюнча “чемпион”?

Бир аптадан бери коомчулукта буга чейин аты-жыты белгисиз эл өкүлү Урмат Самаев тууралуу ар кандай кептер жүрүүдө. Парламенттеги “балык” депутаттардын катарын толуктаган депутат ким эле, ким болду? Дегеним ушул кезге чейин көзгө урунбаган, же бир актуалдуу маселе көтөрбөгөн эл өкүлү заматта “звезда” болуп чыга келди. Болбосо айрым эл өкүлдөрү Самаев деген депутат бар экенин билбейт экен (М: Рысалиев З.К.). Самаевди билгендер алгач аткезчилик кылып жүрүп, бир аз тыйындуу болуп “Кыргызстан” партиясынын лидеринин купулуна толуп депутат болуп, майлуу-сүттүү иш ордун туугандарына калтырып кеткен десе. Айрымдар аны кайын атасы кадимки ‘Туй байке” Туйгуналы Абдраимов депутат болушуна, партияга киришине себепкер болгонун кеп кылышты. Дагы бири “анын эмне боюнча чемпион экенин билбейт экем, бирок буга чейин да, азыр да чогу улак чаап калабыз”- дейт. Деги эле Урмат Самаев ким? Биз билгени Чүйдүн кулуну, ошол райондун көк бөрү федерациясынын президенти, кийинчерээк республикалык көк бөрү федерациясынын вице-президенти эле. Анан эле өткөн аптадагы аткезчилердин Токмоктогу атышуусунан кийин эле атагы асман чапчыды го чиркин. Аткезчилердин атаманы окшойт. Себеби инцидент болгон жерге биринчилерден жетип барып, эки тарапты элдештиримиш болуп, шаардан келген ИИМ өкүлдөрүн “жылуу” сүйлөп, эч ким арыз жазбайт деп жолго салып, видео жазуулардын баарын жок кылып, жабырлануучуга баары жайында деп, ишти жөнгө салыптыр. Бирок көп өтпөй эле жабырлануучу президентке кайрылуу жасап, өмүрүнө коркунуч келип атканын жар салды. Эмне себептен окуя болгондо арыз жазбай, кийин чыгып чырылдап атат, бир мандем бар. Дегеним эки тарап сүйлөшүп, бир келишимге келишкен. Бирок экинчи тарап айтканын аткарбай коркутуп үркүтүп эле оозун жабабыз деп ойлошсо керек. Андай болбоду. Бүгүнкү күндө “Дастан ит аткандай атты”-деген Аскаты да, Дастаны да ооруканада. Бирөөсү Аскат кишенчен, экинчиси Дастан бош. Эмнеге? Депутаттын тууганы болсо эле тайраңдап бош жатышы керекпи? Адилеттик кайда? Кимиси аткан, кимиси күнөөлүү аны укук коргоо органдары териштирээр. Ал күн да алыс эмес.

Кептин нугун Урматка буралы кечээ жакында эле тагыраагы декабрда спикер Жумабековдун (бул да “Кыргызстан” партиясынан) колунан парламентаризди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Ардак грамота” алды. Кайсы жагына өнүктүрдү ал өзүнчө маселе. Дагы бир белгилей кетчү жагдай: Анын эмнеге чемпион деген атканы конгону белгилүү болду. Көрсө жигит жаш кезинде бокс менен машыгып, ошол кезде бул атка конгон экен. Бирок бүгүнкү күндө анын бокс боюнча эмес аткезчилик боюнча чемпион экени далилденди. Атың чыкпаса жер өрттө деген ушул. Айрым тааныштары депутат болбой эле аткезчилик кылып, улагын чаап жүрө берсе болмок экен дегендей. Балык депутат, бат эле таанылды. Бали дейли.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу