Украин православдары Москвадан бөлүндү

7-январга караган түнү жаңы түзүлгөн украин православ чиркөөсүнүн башчысы митрополит Епифаний Киевде ортодокстордун Рождествосуна арналган алгачкы таат окуду.

Жекшемби күнү, 6-январда Украинанын православ чиркөөсү өз алдынчалык жөнүндө күбөлүк (томос) алган.

Ишемби күнү кол коюлган күбөлүктү Константинополь патриархы Варфоломей Стамбулдагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө Киев митрополити Епифанийге тапшырды. Аземге украин мамлекет башчысы Петро Порошенко, Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий жана башка жетекчилер катышты. Порошенко бул документти алууну мааниси жагынан Украинанын эгемендикке жетиши менен салыштырды.

Петро Порошенко. Петро Порошенко.

— Бул жерде чогулган, бизди Украинада көрүп жаткан, жалпы дүйнөдөгү урматтуу украиндер! Биз бул күндү миңдеген жылдан бери күтүп келгенбиз. Жаратканга ыраазыбыз. Кудайдын буюрганы болбосо, бул окуя мүмкүн болбойт эле, — деди ал.

Тарыхый документ Украинанын Орусиядан 330 жылга созулган диний көз карандылыгына чекит койду.

Патриарх Варфоломей 5-январда күбөлүккө кол коюу салтанатында украиналыктар эми “сырткы көз карандылык менен кийлигишүүдөн арылып, жараткан ыйгарган боштондуктан, эгемендиктен, өз алдынчалыктан пайдалана алышат” деди.

Варфоломей дүйнөдөгү бардык православдарды украин чиркөөсүн таанууга, мындан ары ортодокс ибадатканаларда окулган дубаларда Киев митрополити Епифанийди да эскерип жүрүүгө чакырды.

Патриарх ошондой эле жаңы чиркөөнү Москва патриархатынын юрисдикциясында калган динзарлар менен “ынтымакка жана бейпилдикке” умтулууга, аларга Украина бирдиктүү чиркөөгө татыктуу экенин түшүндүрүүгө үндөдү.

Варфоломей Украинанын өтүнүчүн канааттандырып, чиркөөгө өз алдынчалык ыйгаруу тууралуу чечимин өткөн октябрда жарыялаган. Декабрда украин православ лидерлери жаңы чиркөө түзүү жөнүндө макулдашып, башына 39 жаштагы Епифанийди шайлашкан.

Епифаний. Епифаний.

— Мен ошондой эле украин президенти Петро Порошенкого, анын жетекчилигинде украин православ динзарлары менен диниятчылары муундан муунга эңсеген кыялга жетиш үчүн иштегендерге рахмат айткым келет. Сиздин атыңыз, президент мырза, украин элинин жана чиркөөсүнүн тарыхына улуу башкаруучулар менен катарлаш түбөлүккө кирет, — деди Епифаний ишемби күнкү аземде.

Чиркөөнүн өз алдынчалыгы үчүн аракеттер Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилерди колдой баштагандан тартып күчөгөн.

Кремль украин чиркөөсүнүн өз алдынчалыгын (автокефалиясын) бөлүп-жаруунун, украин бийлигинин дин иштерине одоно кийлигишүүсүнүн натыйжасы деп эсептейт. Ал эми Орус православ чиркөөсү жаңы украин чиркөөсүн тааныбайт жана Константинополь патриархаты менен байланыштарын үзүп салган.

5-январда Орус православ чиркөөсүнүн басма сөз катчысы Владимир Легойда өз алдынчалык тууралуу күбөлүктүн берилишин “ооздукталбаган жеке жана саясий дымактын” жемиши катары мүнөздөдү.

Дүйнөдөгү 300 миллиондой православ жамаатынын лидери болуп саналган патриарх Варфоломейдин резиденциясы Стамбулда – мурдагы Констинтинополдо жайгашкан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу